Фалестин режиминин Араб Мамлекеттери Лигасына карата позициясы анын кыянаты катъий экенин түшүндүрөт!

261
0

Фалестин режиминин Араб Мамлекеттери Лигасына карата позициясы анын кыянаты катъий экенин түшүндүрөт!

Махмуд Аббас режими Араб Мамлекеттери Лигасындагы учурдагы төрагалыгынан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алды. Фалестин жетекчилигинин тышкы иштер министри Рияз Маликий: «Биз бул токтомду Лиганын башкы катчылыгы Бириккен Араб Амирликтерин жана Бахрейнди колдогон позицияны карманганы үчүн кабыл алдык», – деди. Маликий Лиганын катчысынын атына жолдогон катында Лига болуп өткөн окуяга далын салганын баса бегиледи. Ал Фалестин режими «Лигадагы ордунан баш тартпайт, себеби, бул түрдүү сценарийлерге себеп болгон боштукту пайда кылат, бизге ушул назик баскычта мындай сценарийлер керек эмес» деди.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Фалестин маалымат бөлүмү буга карата билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:

«Фалестин Азаттык Уюму жана анын ыплас режими Америкадан, Араб Мамлекеттери Лигасынан жана саткын араб акимдеринен жеген шапалакка карабастан, араб мамлекеттери демилгесин о.э. Американын «эки мамлекет» чечимин бекем кармашы саткындыкты жана малайлыкты бекем кармоо болуп эсептелет. Мындай позиция Азаттык Уюму канчалык итааткөй экенин көрсөтүүдө о.э. Лиганын төрагалыгынан баш тартып, өз ордун сактап калуу токтому көз боёмочулук жана өзүнүн ыплас аброюн тикелөөдөн башка нерсе эмес экенин түшүндүрүүдө. Азаттык Уюмунун бардык позицияларынан ушуну көрүү мүмкүн: ал өз кожоюндарынан тепки жесе да, кыянаттыкты токтоткон жок. Уюм Фалестин маселесинен колун тартуунун ордуна, дагы эле аны жок кылуу үчүн жан талашууда. Терисин өзгөртүп, жаңы түскө кирүүгө урунууда, Батыштын жана анын Лиганын этегин кармаган куурчактарынын долбоорун аткарууну улантууда!».

 

Роя гезити, №306, 2020-жыл, 30-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here