Путин: Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен байланыштабыз

279
0

Путин: Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен байланыштабыз

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен байланышканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Путин Кыргызстандагы саясий абал тез арада эч кандай жоготууларсыз өзүнө келет деп эсептей турганын кошумчалады.

Көп өтпөй Кремлдин маалымат катчысы Песков, учурда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиевдин аракеттери кырдаалды турукташтырууга жардам берерин белгиледи.

Буга чейин кабарлангандай, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Суваналиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда өзүнүн колдоосун билдирген.

Күч түзүмүн көзөмөлдөп жаткан Суваналиев өзүн жападан-жалгыз легитимдүү кызматта экенин белгилеп, өкмөт башчылыкка келген Жапаровдун макамын тааныбай турганын айтууда. Демек, Кыргызстанда дээрлик бардык саясий күчтөр Кремлге өзүн көрсөтүүгө урунуп жатат. Орусия да өз кезегинде ички саясий күрөштү өз алдынча таштап, жеңип чыкканы менен иш алып барууга камынууда. Анткени, АКШ менен таасир талашууда элдин колдоосуна ээ болгон саясатчы менен кызматташуу Кремль үчүн маанилүү. Муну менен катар Орусия өлкөдөгү абал туруксуздукка жетип барса аскердик күч менен бастыруу үчүн күч түзүмүндөгү жетекчилер менен мамилени бекемдеп жатат.

Жыйынтыктап айтканда, өлкөдөгү кырдаал азырынча Орусиянын көзөмөлүндө өнүгүп жатат. Ал эми АКШ таасириндеги күчтөр парламентке кирип келүүгө жол ачылышы үчүн убактылуу өкмөт башчылык кызматка умтулуп жатышат. Кыргыз коому бул империалисттердин таасир талашуусу натыйжасында болуп өткөн төңкөрүштөрдү башынан өткөргөн. Алардын кол баласына айланган саясатчылар болсо, эптеп бийлик бутагына жетип, коомдун кызыкчылыгынан мурун кожоюндарын ыраазы кылуу үстүндө аракет кылып келишет. Андыктан, биз мусулмандар ачкөз империалисттерди ыраазы кылган саясатчыларды эмес, Аллахты ыраазы кыла турган саясатчыларды өстүрүп чыгарышыбыз керек. Коомду зулумдук астында эзип жаткан капитализмдин ордуна бакубат жашоону алып келе турган Исламды алып келүүгө умтулушубуз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here