Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрайндын яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимине каршы элдик акциялар уланууда

217
0

Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрайндын яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимине каршы элдик акциялар уланууда

«Арабий 21» сайтында хижрий 1442-жылы 1-сафар, миладий 2020-жылы 18-сентябрь күнү жарыяланган кабарда мындай делет:

«Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрейндин яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимине каршы элдик акциялар уланууда. Жума күнү ондогон марокколуктар борбор Рабатта нааразылык демонстрациясын уюштуруп, Фалестинге тилектештик билдиришти, Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрейдин баскынчыларга карата мындай позицияларын каралашты.

28 коом жана комитеттин чакыруусу менен уюштурулган бул акция Парламенттин имараты алдында «Фалестин – аманат, мамилелерди нормалдаштыруу – кыянат» урааны астында болуп өттү.

Катышуучулар: «Кыянатчылардын келишимин каралайбыз», «Баскынчылыкка да, мамилелерди нормалдаштырууга да орун жок, Фалестинди сатуу жок», «Яхудийлерге каршы күрөш – аманат, алар менен нормалдашуу – кыянат» деген ураандарды кыйкырышты.

Ирактын Фаллужа шаарында да ушул жума күнү Рибати Мухаммадия Уламалар кеңеши жана активисттер баскынчылар менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимине каршы нааразылык демонстрациясын өткөрүштү.

Фаллужа турактары, Рибати Мухаммадия Уламалар кеңеши жана саясатчылар атынан бир нече баяндар уктурулду. Алар мусулмандардын Фалестин жерин жана ал жердеги ыйык жайларга тиешелүү укуктарынан баш тартууга эч кимдин акысы жок деген пикирге кошулушту. О.э. алар менен Фалестиндеги ар бир шаардын маселелери бир экенин баса белгилешти.

Жума намазынан кийин ондогон ямандыктар өлкөнүн түштүгүндөгү Абиян районунун Вази шаарында Фалестинди колдоп-кубаттоо о.э. Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрейндин яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимине каршылык билдирүү демонстрациясын өткөрүштү.

Демонстранттар ушул келишимди каралаган сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп шаар көчөлөрүндө жүрүшкө чыгышты. Муну менен бирге, Ямандын түштүк-чыгышындагы Сактарий (Сокотра) архипелагында яхудийлердин жайгашуусун каралаган ураандарды айтышты.

Бүткүл араб жана исламий калктар бул келишимди бекер кылууну талап кылып, бул келишимди «Динибизге жана исламий итикатыбызга каршы кыянат» деп баалашты.

Бахрейн борбору Манамада да адамдар бийликтин ушул келишимге кол койгонун каралап демонстрация өткөрүштү. Алар Ямандын түштүк аймактарындагы нааразылыктар менен бирдей көрүнүштө болду.

Бахрейндик демонстранттар Фалестин жана Бахрейн байрактарын о.э. ураан катары «Куддус үчүн кыжырдануу жумасы» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Франция басма сөзүнүн кабарларына ылайык, «Куддус үчүн кыжырдануу жумасы» деп жазылган нааразылык демонстрациялары жума намазынан кийин Бахрейндин бир нече шаарларында жана айылдарында болуп өткөн, шаар жана айылдарга полиция күчтөрү жайгаштырылган».

 

Роя гезити, №305, 2020-жыл, 23-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here