Калк капитализмден тажады

269
0

Калк капитализмден тажады

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. 5-октябрда болсо, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон адамдар нааразылык митингдерине чыгышты.  Бул митингдерде көпчүлүк адамдардан төмөнкүдөй маанидеги сөздөр көп айтылып жатты. “Эскилердин баары кетсин, ыймандуулар келсин”,  “Бизге ыймандуу жетекчи керек”, “Бизге эч кандай партиялардын кереги жок” ж.б.у.с.

Эл бул митингге шайлоо себептүү эле чыккан жок. Алар буга чейин да тебелеп-тепселип келген акы-укуктарынын бардыгы үчүн ызаланып чыгышты. Жана албетте, табийгый түрдө, алар мындай иш-чаралар үчүн уюштуруучулар зарыл экендигин сезишти. Анан аргасыздан, бул иш-чараларды уюштурууну шайлоо астанасынан аттай албай калган партиялардын лидерлерине тапшырышты. Негизи, башында көпчүлүк “бизге эч кандай эски жетекчилердин, эч кандай партиялардын кереги жок, аларга эми алдатпайбыз” деп жатышкан эле.

Жана дагы, эл мында өз иштерин жетектеши үчүн жетекчи перзенттерине мухтаж экендиктерин да сезишти. Ошондуктан, калк тарабынан Ак үй алынгандан кийин, мамлекет ишин башкаруу үчүн сегиз партиянын лидерлеринен турган координациялык кеңеш түзүлдү. Көтөрүлгөн элдин көпчүлүгү аргасыздан буга ыраазы болушту. Айрымдары болсо дагы деле өз нааразылыктарын билдирип жатышат. Буга карабастан, төңкөрүштү уюштурган саясатчылар өздөрүнүн жаңы бийлигин легитимдештириш үчүн, президентти да, өкмөттү да, мурунку парламентти да де-юре сактап турушат. Анткени, башка мамлекеттер жаңы бийликти таанышы үчүн орнотулган эл аралык мыйзам ушундай. Бул нерсе да өз кезегинде кайрадан калктын нааразылын күчөтүүдө.

Мына ушулардан карапайым калк менен анын жетекчи перзенттеринин ортосунда ажырым чоң экени даана көрүнүп турат. Эл эч кимге ишене албай турат, эмнеге? Бирок, бул суроонун жообун эл өзү да тунук биле бербейт.

Эй Кыргызстан калкы, силер ишенбей жаткан эски-жаңы саясатчылардын бардыгы – силердин перзенттериңер. Бирок, алар силердин иштериңерди демократия чүмбөтүн жамынган капитализм менен башкарганы себептүү, алар силерге залимдик кылып, ишеничтен кетишкен. Бул бузук түзүмдүн табиятына ылайык, аз гана алдуу адамдар калган алсыз адамдарды эзүүнүн эсебинен жашайт. Ошондуктан, бул түзүмдү колдонуу менен өз перзенттериңер өзүңөрдү эзген залимдер болуп чыгууда.

Эй Кыргызстан саясатчылары, силерди элдин ишениминен кетирген дагы бир нерсе – бул империализм. Башкача айтканда, империалисттик ири державалар биздин өлкөлөр үстүнөн колонизаторлук саясат жүргүзгөнүндө. Бул колонизаторлор элиңерди кул кылып беришиңер үчүн силерди курал кылып алышкан. Эл муну аңдап барган сайын,силерге болгон ишеничи да ошончолук өчүп барууда. Мисалы, азыр координациялык кеңештеги россиячыл партиялар президенттик башкаруунун сунуштап жатса, батышчыл партиялар толук парламенттик башкарууну сунуштап жатышат. Негизи, парезиденттик башкаруу да, парламенттик башкаруу да демократиялык башкаруунун формалары болуп, алар аркылуу элдер капитализм менен башкарылат. Негизи калк силерден тажаган жок, алар демократия чүмбөтүн жамынган капитализмден тажашты. Алар эки төңкөрүштү, алардан кийинки президенттик да, парламенттик да башкарууну көрүштү, алардын ачуу азаптарын да тартышты. Бирок, силер дале – мурун коммунисттер жок коммунизм менен алдашкандай – адамдарды өзүңөр да элестете албаган куру кыялдар менен алдап жатасыңар. Лекин, мусулман калк мусулманчылыгын улам жакшыраак түшүнүп барган сайын, өздөрүн эки дүйнө бактысына жетелей турган жетекчиликти сурай башташты. А силерде болсо, эки дүйнө кордугуна кириптер кыла турган демократиялык куфр системасынан башка нерсе жок болуп жатат.

Эй кыргызстандык мусулмандар, саясатта акимдер адамдар иштерин башкарат, ал эми калк акимдерди тергеп-тескөө менен саясатка аралашат. Кыргызстан калкынын саясатка аралашып, акы-укуктарын талап кылуусу, аларга каармандык менен катышуусу албетте мактоого татыктуу. Эгер ушул аралашуу шариятка ылайык, Аллах жолунда болсо, ахирет акыбеттеринде албетте ажр-сыйлыктарга жетишилет. Ошондуктан, урматтуу мусулман мекендештер, империалисттер үстүбүзгө мажбур жүктөлгөн капиталисттик системаны жоготуп, анын ордуна Ислам динибизди колдонушубуз керек. Ислам динин колдонуу Исламий Халифалык Мамлекетинде ишке ашат жана ал империализмди түп-тармырынан бери омкоруп таштайт. Демек, эй Кыргызстан мусулмандары, Аллах жолунда Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылышыңар керек, ал үчүн Ислам таалимин үйрөнүүңөр зарыл. Кыргызстандагы Хизбут-Тахрир силерди ушуга даъват кылат.

«Эй момундар, Аллах жана Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла» [8:24]

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 10. 2020

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here