Аманаткөйлүктү билесизби

272
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

Аманаткөйлүктү билесизби

Аллах Таала айтат:

}إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الآمَانَاتِ إِلَى أَهْلِهَا{

 “Албетте, Аллах силерди аманаттарды өз ээлерине тапшырууга буюрат” .         [4:58]

Аманат – бул мойнундагы ишти чын дилден, толук аткаруу. Аманат – бул шаръий сунуштар. Ал адам мойнундагы бардык буйрук жана кайтарууларды о.э. жоопкерчилиги бар болгон ар бир инсанды өз ичине алат. Башкача айтканда, адам жоопкерчилигине карай же аманаткөй, же кыянатчы болуп калат. Халифа, валий, аким, казы, шуро межлисинин мүчөсү, лашкар амири, элчи, намаз окуучу, орозо кармоочу, ажылыкка баруучу, зекет берүүчү, хизб масъулу, даъват кылуучу, адамдарга изгиликти үйрөтүүчү, илим алуучу, муфтий, вакфтын мутаваллиси, байтул-малдын ээси, сатуучу, чамалоочу, зекеттер боюнча иш жүргүзүүчү, хирожий жерлердин башкаруучусу, мужтахид, мухаддис, муаррих, саясат жазуучу, олжолор боюнча иш жүргүзүүчү, ишкана жетекчиси, вакалат берүү вазири, аткаруу вазири, котормочу, мектептеги мугалимдер, үй-бүлөсүн башкарып жаткан эркек, күйөөсүнүн үй-жайын карап отурган аял, дарыгер, акушерка, дары сатуучу, эмизүүчү, шерикчилик кылуучу, ижарага алуучу, дарул-Хилафаттын мүдүрү, анын кол астындагы мүдүрлөр – соода-сатык мүдүрү, мейманкана мүдүрү, гараж мүдүрү, ашкана мүдүрү, коргоо бөлүмүнүн мүдүрү, сыр сактоочу, кабарчы, кабарларды терүүчү, жумуштун талабы боюнча телефон жана интернетте адамдардын кабарларын күзөтүүчү журналист жана башкалардын бардыгынын мойнуна аманат жүктөлгөн. Демек, аманаттын шааниси улуу, майданы кең. Аз же көп, чоң же кичине болобу айырмасыз, мукаллафдын мойну андан бош болбойт.

Мисалы: намаз окуучу, орозо кармоочу жана ажылыкка баруучулар ибадаттарын шариятта көрсөтүлгөндөй аткаруу менен аманаткөй болушат.

 Же болбосо, адамдарга изгиликти үйрөтүүчү, илим алуучу, саясат жазуучу, котормочу, мужтахид, мухаддис, муаррих, мектептеги мугалим же муфтий сыяктуулар таалим ишине шариятка ылайык көрүнүштө жандашса гана аманаткөй болуп эсептелишет.

Зекет берүүчү, вакфтын мутаваллиси, байтул-малдын ээси, сатуучу, чамалоочу, зекеттер боюнча иш алып баруучу, хирожий жерлердин башкаруучусу, олжолор боюнча иш жүргүзүүчү, ишкана мүдүрү, мейманкана мүдүрү, гараж мүдүрү, ашкана мүдүрү, коргоо бөлүмүнүн мүдүрү, күйөөсүнүн үй-жайын карап отурган аял, шериктик кылуучу, ижарага алуучу жана соода-сатык мүдүрү сыяктуулар мүлккө тиешелүү иштегилердин аманаткөйлүгү шарияттан чыкпаган абалда тасарруф кылышында көрүнөт.

Ал эми үй-бүлөсүн башкарып жаткан эркек, дарыгер, акушерка, дары сатуучу жана эмизүүчү аял сыяктуулар адамдардын жаны, акы-укугу аларга аманат экедигин унутпашы керек.

Казы, сыр сактоочу, кабарчы, кабарларды терүүчү, жумушу боюнча телефон жана интернетте адамдардын кабарын күзөтүүчү журналист сыяктуулардын иши өтө назик болуп, аманаткөй болбостугу, башкача айтканда, алардын ката же орунсуз сөздөрү себептүү бир адамдын өмүрүнө, аброюна же мам-мүлкүнө зыян жетип калышы мүмкүн.

 Халифа, валий, акимдер вакалат берүү вазири жана аткаруу вазири шариятты толук колдонушса аманаткөй, эгерде андай кылышпаса, кыянатчы болушат.

Же даъват кылуучулар – хизб жигиттери, айрыкча масъулдары – Пайгамбарыбыз “Мухаммад Амин”(с.а.в) сыяктуу шариятка амал кылышса, айрыкча, табанний кылынган өкүмдөрдү толук жана туура кабыл алышса, өздөрүндөгү аманат-Исламды түшүнүктүү, жеткиликтүү кылып, адамдарга колунан келишинче жеткиришсе, өзгөчө Амир тарабынан кабыл алынган чечимдерди кандай болсо ошол бойдон аткарышса гана шарият этибарында аманаткөй болушат, андай кылышпаса Аллах Таалага да, хизбге да кыянат кылган болушат. Исламдын турмушка кайтып келиши масъулдардын аманаткөйлүгүнө байланыштуу. Хузайфа (р.а) риваят кылат:

«جَاءَ أَهْلُ نَجْرَانَ إِلَى النَّبِيِّ فَقَالُوا: ابْعَثْ لَنَا رَجُلاً أَمِينًا, فَقَالَ لأَبْعَثَنَّ إِلَيْكُمْ رَجُلاً أَمِينًا حَقَّ أَمِينٍ, فَاسْتَشْرَفَ لَهُ النَّاسُ, فَبَعَثَ أَبَا عُبَيْدَةَ بْنَ الْجَرَّاحِ»

«Нажрон калкы Пайгамбар с.а.в дын алдына келишип, “бизге бир аманаткөй адамды жибер” дешти. Ошондо Пайгамбар с.а.в “силерге чыныгы аманаткөй адамды жиберемин” деди. Бардыгы ошол аманаткөй адам болууга умтулушат эле. Ошондо Пайгамбарыбыз с.а.в. Абу Убайда ибн Жаррохту жиберди » (муттафакун алайх).

Исламды аткаруу жоопкерчилиги маанилүү жана назик болгондугунан аны аткаруу үчүн мамиле, адеп-ахлак биринчи орунда турат. Ошондуктан, күчтүү адам болсо да, мамиледе алсыз болгон, орой, дили катуу, адамдардын дартына кулак салбай турган кишилер мындай жоопкерчиликтин өтөөсүнөн чыга алышпайт. Аллах Таала айтат:

فَبِمَا رَحْمَةٍ مِنْ اللَّهِ لِنْتَ لَهُمْ وَلَوْ كُنْتَ فَظًّا غَلِيظَ الْقَلْبِ لَانْفَضُّوا مِنْ حَوْلِكَ فَاعْفُ عَنْهُمْ

 وَاسْتَغْفِرْ لَهُمْ وَشَاوِرْهُمْ فِي الْأَمْرِ فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَوَكِّلِينَ

(Эй Мухаммад), Алла тарабынан болгон бир мээрим себептүү аларга (сахабаларыңа) жумшак сөздүү болдуң. Эгер орой, дили катуу болгонуңда, албетте, айланаңдан таркалып кетишкен болор эле. Эми, аларды кечиргин, алар үчүн Алладан магфират сурагын жана иштериңде аларга кеңеш салгын. Эми (кеңешкен соң бир ишти) ниет кылсаң, Аллага тобокел кылгын. Албетте, Алла Өзүнө сүйөнүп (иш кылуучуларды) сүйөт”. [3:159].

 Абу Зарр(р.а.) риваят кылат:

«قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ, أَلاَ تَسْتَعْمِلُنِي, قَالَ فَضَرَبَ بِيَدِهِ عَلَى مَنْكِبِي, ثُمَّ قَالَ: يَا أَبَا ذَرٍّ, إِنَّكَ ضَعِيفٌ,

وَإِنَّهَا أَمَانَةُ, وَإِنَّهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ خِزْيٌ وَنَدَامَةٌ, إِلاَّ مَنْ أَخَذَهَا بِحَقِّهَا, وَأَدَّى الَّذِي عَلَيْهِ فِيهَا»

Я Расулуллах, мени да аким кылбайсызбы?» – дедим. Ал киши далымдан таптап: «Эй Абу Зарр, сен заифсиң. Муну аманат деп коюшат. Эгер кимде-ким аны жетиштүү даражада этибар менен кабыл алып, үстүнө жүктөлгөн милдетти өтөбөсө, кыямат күнүндө ал шерменделик жана өкүнүчкө айланат», – деди. (Муслим риваяты).

Жоопкерчиликти сезген эр жигиттер гана бул аманатты көтөрө алышат. Хузайфа ибн Яман(р.а.)дан риваят кылынат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бизге айтты:

«أَنَّ الأَمَانَةَ نَزَلَتْ فِي جَذْرِ قُلُوبِ الرِّجَالِ …»

«Аманат эр кишилердин  жүрөгүнүн төрүнө жайгашкан…». (муттафакун алайх)

Аманаткөйлүк жоголгон сайын коом төмөндөшүп, эки дүйнөдө кор болобуз.(Аллах сактасын). Аманаткөй болбогон адамдарды бул дүйнөдө акылдуу, аң-сезимдүү адамдар албетте билишет жана аларды жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарышат. Ал эми Кыямат күнү алардын өзгөчөлөнтүп туруучу белгиси болот. Абу Саъид Худрий(р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз(с.а.в) мындай деген:

«لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ عِنْدَ اسْتِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ, يُرْفَعُ لَهُ بِقَدْرِ غَدْرِهِ, أَلاَ وَلاَ غَادِرَ أَعْظَمُ غَدْرًا مِنْ أَمِيرِ عَامَّةٍ»

«Кыямат күнүндө ар бир кыянатчынын жанбашында бир байрагы болуп, кыянатына карай өйдөрөөк көтөрүлүп бара берет. Билип койгула, омма (эл) амиринин кыянатынан көрө улуураак кыянат жок». (Муслим риваяты).

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here