Маселе коронавируста да, экономикалык кризисте да эмес, маселе режимдин жана анын артында турган элитанын коррупциясында жана билмексен болуп турушунда!

314
0

Басма сөз баянаты

Маселе коронавируста да, экономикалык кризисте да эмес, маселе режимдин жана анын артында турган элитанын коррупциясында жана билмексен болуп турушунда!

Учурдагы технократ өкмөттүн саламаттыкты сактоо министрлиги кезектеги 36 коронавирусту жуктуруу абалы катталганын, муну менен ооруга чалдыккандардын жалпы саны 846га жеткенин билдирди. Саламаттыкты сактоо министри Хамд Хасан мындай билдирүү берди: «Ливан мамлекети чет элден алып келген жарандарыбыз милдеттүү карантинге баш ийишпестен, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына ооруну жуктурушту»! Ал дагы мындай деди: «Ошол эле учурда, өлкө ичиндеги жалпы медициналык көзөмөлдөгү адамдар качып жатышканы белгиленди. Бул абал өлкөдө 48 саат ичинде коронавирусту жуктуруунун 11 абалы жүз беришине алып келди. Бул терс натыйжа бизди мурунку кырдаалга кайтарып, чет өлкөдөн келгендерге жана Ливан коомуна карата абалды кайрадан карап чыгууга үндөйт». Министр «катаал чаралар көрүлөрүн» баса белгиледи!

Биз саламаттыкты сактоо министрине жана анын артында турган саясий элитага мындай суроо беребиз: «Аларды чет өлкөдөн алып келүүгө силерди ким мажбур кылды?!». Деги, коронавирус жайылганын күзөтүп жаткан ар кандай инсан бул ооруга чалдыккандар турган жеринде калышы жана башка мамлекетке өтпөстүгү керектигин, антпесе, ооруну жуктурган булакка айланышын жакшы билет.

Абдуррахман ибн Авф розияллоху анху Расулуллах ﷺдын өлөт оорусу жөнүндөгү сөзүн уккандыгын айтып, мындай дейт: «Мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин укканмын:

«إذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأرْضٍ، فلاَ تَقْدمُوا عَلَيْهِ، وإذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا، فَلا تخْرُجُوا فِرَارًا مِنْهُ»

«Бирер жерде өлөт чыкканын уксаңар, ал жерге барбагыла. Эгер, силер турган жерде чыкса, өлөттөн качып ал жерден кетпегиле». (Муттафакун алайх).

Силер болсо бийлик өкүлдөрү катары инсандардын кызыкчылыгына кам көргөн эч бир токтом чыгарбадыңар жана саясатчылар катары адамдардын иштерин башкаруу милдетин аткарууда бирер илимий теорияга же шаръий өкүмгө ээрчидебиңер… Кайсы мыйзам-эрежени ээрчип бара жатасыңар?!

Шек-күмөнсүз, силер өзүңөрдөн мурунку, азыркы жана кийинки кесиптешиңердин жолунда бара жатасыңар. Бул мансапчылык жана саясий тааныш-билиштик жолу. Бул каракчылыкты жана талап-тоноону түшүндүрөт…

Саламаттыкты сактоо министри үйлөрүндө олтурган жарандар карантин жеңилдегенде жумушка чыгышы мүмкүндүгүн айтып өкүндү!

Эй министр! Сен үйдөн чыкпаган жарандардын үйлөрү акчага жана азык-түлүккө толгон, негизги, жада калса камалий муктаждыктары толук камсыздалган, ошондуктан алар үйлөрүндө жыргап жумушка чышы мүмкүн деп ойлоп жатасыңбы?! Же сен өкмөт тарабынан ар бир үй-бүлөгө таратылган жүз миң лира аларды неберелерине чейин жете турган кылып байытты, эми жумушка жана бешене тер төгүп үй-бүлө багууга да муктаж эмес деп ойлоп жатасыңбы? Белгилүү болгондой, бул өлкөдө наристелердин бир пачка сүтү 70 миң лирага чейин кымбаттап кеткен.

Сен ушул өлкөдө, ушул инсандар менен жашап жатасыңбы? Жогорудагы сөздү айтып жатканыңда жүзүңдөн бүтүндөй жат нерсе көрүндү!

Эй министр жана анын артында тургандар!

Жокчулук адамдарды кыйнады, чөнтөктөрүндөгү акчаны дээрлик түгөттү, албетте чөнтөгүндө акча болсо эгер. Сенин бийлигиң алардын банктардагы эсептерин да жапты, албетте эсептери болсо эгер. Ал эми, жемкорлор акчаларын чет өлкөгө алып чыгып жайгаштыруусуна жол берди, лиранын кунун түшүрүп, доллардын курсун көтөрүү саясаты аркылуу адамдардын мал-мүлкү менен ойношту… Баалардын орточо жогорулоосу 58%дан ашты. Мамлекетиң чайкоочуларды жазага тартпады, адамдарга негизги продукцияларды жеткирип берген жок жана бузуку соодагерлерди тыйбады.

Өзүңдү карма, катардагы инсандарга каршы катаал чараларды көрүү менен коркутууга шашылба, антип отко май куйба. Тескерисинче, камкордук кыл, жалпы саясий тармакта, айрыкча, өзүңдүн саламаттыкты сактоо тармагында өзүңдүн милдетиңди аткар.

Эмне кылып койгонуңду кара, чет өлкөдөгү жарандарды өлкөгө кайтардың жана өлкөдө беймарал жүрүшүнө жол бердиң! Мунун ордуна, алар кайсы мамлекетте иштеп жатышкан болсо, ошол жерде каражат менен камсыздап, кийин сагайышкан соң өлкөгө алып келсең болмок, ошондо алар да, үй-бүлөлөрү да вирустан аман калышат эле.

Карантин саясатыңа көз чаптыр… Сен өзүңө окшогондор менен бирге бул саясатты Батыштан алдың. Бул өлкөдөгү адамдардын ахвалына карабадың, алар салык төлөө менен алек жана тынбастан талап-тонолуп жатышат. Эч кимибиз «Fuel» мунайы жаңжалын унуткан жокпуз.

Бар, опузаңды тигил бийлигиңе жана технократ өкмөтүңө кыл. Бул өкмөтүң проблеманы сүткордук карыз алуу менен чечмекчи болууда, кредиттерди Эл аралык Валюта Фондунан алмакчы… Өкмөтүңдү тергеп-теске, ошону коркут. Ал кээ бир продукцитяларга карата көрсөтүлгөн мамлекеттин колдоосун бекер кылууда, валютаны эркин жолго коюп, салыктарды көбөйтүүдө… Буларды илимий же шаръий көз караштан эмес, ырайымсыз Эл аралык Валюта Фондунун көрсөтмөлөрүнө таянып жасоодо.

Коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө, сен жана өкмөтүң чет элдеги жарандарды алып келүүдө жана бүтүндөй карантин киргизүүдө ката чечимиң үчүн адамдардан үзүр сурайт деп күткөнбүз. Бирок, сен жана бийлигиң вирус жуктуруу абалы убактылуу токтогонуна оолугуп, кекирейип кеткен көрүнөсүңөр… Сен бийлигиңди коррупция жана туура эмес токтомдор үчүн тергеп-тескөөнүн ордуна, алты миллион калкка кайрылып, үйдө олтургула деп коркуттуң.

Расулуллах ﷺ айтат:

«إنَّ مِمَّا أَدْرَكَ النَّاسُ مِنْ كَلَامِ النُّبُوَّةِ الْأُولَى: إذَا لَمْ تَسْتَحْيِ فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ»

«Адамдарга келген пайгамбарлыктын биринчи сөзү: уялбасаң, каалаганыңды кыл, деген сөз». (Бухарий ривяты).

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here