Коронавирус пандемиясы капитализм менен Ислам ортосунда

289
0

Коронавирус пандемиясы капитализм менен Ислам ортосунда

 

Устаза Ровла Иброхим – Шам жери

Бүгүнкү күндө коронавирусту алдын алууда же өлүм абалдарын токтотууда жада калса дүйнөдөгү илим тармагында өнүккөн алдыңкы мамлекеттер да ийгиликсиздикке учуроодо… Бул жаатта бүткүл дүйнөгө өкүмдарлык кылып, аскерий кубаты жана үлкөн финансылык запастары менен мактанган капиталисттик түзүмдүн бул ооруга чалдыккандарга медициналык жардам көрсөтө албай жатканын же көз менен көрүнбөгөн бул вируска вакцина ойлоп таба албай жатканын жон терибиз менен сезип жатабыз. Жолдорду жабуу жана жапырт карантинга алуу сыяктуу кыйынчылыктар дүйнөдөгү миллиарддаган инсанды камтып алганына жана бүткүл дүйнө өтө оор абалда калганына күбө болуп турабыз. Бул жана башка абалдардын тушунда бул пандемиянын пайда болушуна алып келген себептер жөнүндө жана глобалдуу ийгиликсиздиктер туурасында пикирлешибиз керек. Ийгиликсиздикке ыплас капитализм өкүмдарлыгы доорунда ири мамлекеттер да, майда мамлекеттер да туш келишүүдө.

Биринчи:

Коронавирус пандемиясынын келип чыгышына алып келген себептер:

  • Глобалдуу азык-түлүктүн бузулушу. Бүгүнкү күндө азык-түлүк инсандын туура табиатынан жана Аллах белгилеген жердин табигый азыктарынан четтетилди.
  • Өндүрүштүн ашыкча көбөйүшү, анын жаман сакталышы жана жаман бөлүштүрүлүшү.
  • Глобалдуу экологияны коргоо жана завод-фабрикалардын чыгындылары жөнүндө көп айтылганына карабастан, дүйнөдөгү көпчүлүк адамдар тазалык талаптарын аткарбашы, таштандыдан арылуу жолдорун билбестиги.
  • Туура табиатка тескери болгон, абийирге, кош бойлуулукка жана наристеге терс таасир кылып жаткан жыныстык алакалардагы сан-санаксыз бузулуулар. Бул харам кылынган бузуку иштер жана инсандын укум-тукумуна каршы үрөй учурган кылмыш болуп саналат.
  • Материалдык баалуулуктун башка баалуулуктардан үстөм келиши, жердин асман менен болгон алакасына көз жумулуп жатканы, жада калса Аллахты четке кагуу.

Экинчи:

Бүткүл дүйнө Улуу Аллахтын кошуундарынын майда бир кошуунунан жеңилиши:

  • Капиталисттик түзүмдүн инсандардын саламаттыгын сактоо тармагындагы кудуретсиздиги, ийгиликсиздиги ачыкка чыгышы.
  • Адамзаттын ашыкча даражада коркууга түшүүсү, натыйжада адам укуктарынын тебелениши.
  • Ири компаниялар зарыл дабаа үстүндө изилдөө долбоорлоруна материалдык кызыкчылык назары менен карашы.
  • Адамдардын өмүрүнө, айрыкча, «жамааттык иммунитет» деген нерсе аркылуу карылардын өмүрүнө туура эмес мамиле кылуу.
  • Калктар менен акимдер ортосунда – алар бизди калк шайлаган деп айтышса да – ишенимсиздик пайда болушу.

Ач көз жырткыч капитализм мына ушундай. Ушул таризде анын итикадынын жана мыйзамдарынын айыбы ачылып, биринчи реалдуу сокку каршысында т.а. коронавирус пандемиясы соккусунда ушундай жеңилди. Анын үлкөн аскерий потенциалдары да, ири финансылык каражаттары да бул вирус алдында таптакыр ишке жарабады. Алла таала айтат:

﴿إِن نَّشَأْ نُنَزِّلْ عَلَيْهِم مِّنَ السَّمَاءِ آيَةً فَظَلَّتْ أَعْنَاقُهُمْ لَهَا خَاضِعِينَ﴾

«Эгер, Биз кааласак, аларга асмандан аят-муъжиза түшүрөбүз, ошону менен алар моюн сундурулат»                                                                                                                   [26:4]

Ал эми, Ислам илахий болуп, акыйда жана шариат жактан жетик түзүм. Ислам акыйда жана андан алынган түзүм үчүн таза негизди жараткан. Адамзат жана жанзат жашоосу жөнүндө абдан дыкат жана этият менен иш алып барат. Т.а. инсандарды эки дүйнө бакытына жеткирүү үчүн ушул ишти алып барат:

  • Таза нерселерди халал, ыплас нерселерди харам кылат:

﴿وَيُحِلُّ لَهُمُ الطَّيِّبَاتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيْهِمُ الْخَبَائِثَ﴾

«Таза нерселерди халал кылып, ыплас нерселерди харам кылат»                             [7:157]

  • Өнүдүштү тартипке салат, сактоо жана бөлүштүрүүнү туура кылат, монополияга тыюу салат.
  • Тазалыкка буйруп, үндөйт жана инсандардын жер жүзүнө тарашын туура таризде болушун камсыздайт.
  • Жыныстык алакаларды таза тартипке салат, ооруларга жана эпидемияларга себеп болгон бузукулуктарды харам кылат.
  • Баалуулуктарды башка баалуулуктардан үстөм койбостон тең салмактуулук жаратат.
  • Ислам мамлекети жарандарына жакшы иштеген жетик медициналык кызмат көрсөтөт.
  • Пандемия жана апааттарга каршы күрөшүү үчүн шаръий жана медициналык стандарттарды орнотот, бул сыяктуу абалдарда, адамдардын жүрөгүнө Аллахка чырайлуу тобокел кылуу жана каза-кадарына ыраазы болуу аркылуу кадыржамдык тартуу кылат.
  • Инсандардын саламаттыгын сактоого катуу этибар берип, жашына, жынысына, түсүнө, динине жана улутуна карабастан камкордук кылат.
  • Инсандарды асман менен алакаларын бекемдеп, өзгөчө, табият кырсыктары, апааттар жана пандемиялар учурунда Аллахка ибадат, истигфар, тообо, дуа кылууга чакырат. Анткени, бул Аллах Өз пенделерине ырайым менен карап, алардан балээни көтөрүшү үчүн эң зарыл нерсе.
  • Байъат кылынган акимге кулак салып, итаат кылууга чакырат. Бул эл менен акимдин ортосун ширелеп, өз ара ишенимди бекемдейт.

Капитализм биринчи кескин сыноодо эле кулады. Андан мурун социализм биринчи силкинүүдө эле кулаган болчу. Бул эки түзүм жер жүзүндө бузгунчулукка себеп болду:

﴿ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُمْ بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ﴾

«Адамдар өз колдору менен жасагандарынын кай биринин жазасын тарттыруу үчүн кургактыкта да, деңизде да бузукулук ачыкка чыкты. Балким, алар кайра тартышаар» [30:41]

Бүгүн акимдер адамзаттын бактысыздыгына себепчи болушту.

Бу алардын коронавирустун жайылышын алдын алууну билишпегенинен да ачык-айкын көрүнүп турат. Мисалы, Кытай жашырды, ал эми, Европа жана АКШ зарыл болгон ишти аткарбастан аракетти кечеңдетти. Алардын ыплас капитализми ар кандай туура аракетти четке сүрүп, жок кылды… Мисалы, жашы улуулардан кутулуу жана калгандарга жашоо үчүн мүмкүнчүлүк берүү менен айбандардын жолун тандашты!

Ошондуктан, Аллах Субханахунун шариатында көрсөтүлгөн чаралар – бул оорунун туура чечими. Т.а. мамлекет ооруну пайда болгондон баштап көзөмөлгө алат жана ооруну баштапкы күндөн тартып пайда болгон жайында изоляция кылууга аракет кылат. Башка аймактардагы саламат адамдар болсо, өз иштерин улантышат.

Имам Бухарий өзүнүн «Сахих»инде Усама ибн Зайддан риваят кылган хадисте Набий ﷺ айтат:

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِالطَّاعُونِ بِأَرْضٍ فَلَا تَدْخُلُوهَا وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا مِنْهَا»

«Эгер, бирер жерде чума тараганын уксаңар, ал жерге кирбегиле. Эгер, өзүңөр турган жерде тараса, ал жерден чыкпагыла».

Бухарий жана Муслим риваят кылган жана лафзы Муслимге таандык дагы бир хадисте Усама ибн Зайд Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«الطَّاعُونُ رِجْزٌ أَوْ عَذَابٌ أُرْسِلَ عَلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ أَوْ عَلَى مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ فَإِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ فَلَا تَقْدَمُوا عَلَيْهِ وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا فِرَاراً مِنْهُ»

«Өлөт жаза же азап болуп, Бану Исраилге же силерден мурункуларга жөнөтүлгөн. Бирер жерде анын чыкканын уксаңар ал жерге барбагыла. Эгер, ал өзүңөр турган жерде чыкса, ал өлөттөн качып, турган жериңерден чыгып кетпегиле».

Бухарий Аиша розияллоху анхадан риваят кылган дагы бир хадисте Аиша энебиз мындай деген: «Мен Расулуллах ﷺдан чума жөнүндө сураганымда, минтип жооп берди:

«أَنَّهُ عَذَابٌ يَبْعَثُهُ اللَّهُ عَلَى مَنْ يَشَاءُ وَأَنَّ اللَّهَ جَعَلَهُ رَحْمَةً لِلْمُؤْمِنِينَ لَيْسَ مِنْ أَحَدٍ يَقَعُ الطَّاعُونُ فَيَمْكُثُ فِي بَلَدِهِ صَابِراً مُحْتَسِباً يَعْلَمُ أَنَّهُ لَا يُصِيبُهُ إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَهُ إِلَّا كَانَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِ شَهِيدٍ»

«Чума азап болуп, Аллах аны каалаганына жөнөтөт. Момундарга болсо, аны рахмат кылган. Анткени, кайсы пендеге өлөт жетсе, ал Аллах бешенеге жазган нерседен башка нерсе болбойт, деп ошол өлкөдөн чыкпай сабыр кылып олтурса, албетте бир шахид ала турган ажрга ээ болот».

Бул шариатта көрсөтүлгөн карантин бардык мамлекеттерден алдыңкы болгон жана биринчи даражада цивилизациялашкан мамлекетте т.а. Аллахтан вахий алып, Исламды чырайлуу колдонуу менен баарына үлгү болгон Расул ﷺ жетекчиси болгон мамлекетте аткарылган. Ибн Хажар «Фатхул Барий»де риваят кылат: «Умар розияллоху анху Шамга сапар кылды. Сарг деген жерге жеткенде Шамда уваба чыкканы туурасында кабар келди. Ошондо Абдуррахман ибн Авф ага Расулуллах ﷺдын:

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ فَلَا تَقْدَمُوا عَلَيْهِ، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا فِرَارًا مِنْهُ»

«Эгер, бирер жерде чыкканын уксаңар, ал жерге барбагыла. Эгер, өзүңөр турган жерде чыкса, ал жерден качып чыкпагыла», – деген хадисин айтты. Ошондо Умар ибн Хаттаб артка кайтты. Т.а. өлөт тараганы жөнүндө кабарды угары менен мусулмандарды артка кайтарып алып кетти.

Демек, Исламда мамлекет ооруну чыккан жеринде изоляция кылып, калкын ал жерден чыгарбайт, ал жерге башка адамдарды киргизбейт… Мамлекет өзүнүн бардык шаръий вазыйпаларын аткарат. Анткени, ал камкор жана аманаткөй мамлекет. Ушул сымал жугуштуу оорулар тараганда иш-чараларды көрүп, бардык жарандарга медициналык жардамды, дары-дармектерди акысыз берет. Ооруканаларды жана медициналык лабораторияларды куруп, таалим жана коопсуздукту сактоо сыяктуу жарандардын негизги муктаждыктарын камсыздайт.

Ошентип, туура чечим – ооруну чыккан жеринде изоляция кылуу, оорулууларды карантинге алуу, аларга камкордук көрсөтүү, акысыз дарылоо, саламат адамдар өз иштерин улантышат. Социалдык жана экономикалык турмуш оору пайда болушунан мурун кандай болгон болсо, ошондой уланат. Адамдардын жалпы социалдык турмушу токтотулуп, үйлөргө изоляция кылынбайт. Экономикалык турмуш шал ахвалга келишине, же кризис дагы да күчөп, кошумча проблемалар пайда болушуна жол берилбейт.

 

Роя гезити, №282, 2020жыл, 15-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here