Пандемия мандеми – 2

286
0

Пандемия мандеми – 2

(же анын дүйнөлүк, эл аралык жана жергиликтүү саясат оюндарында колдонулушу)

Дүйнөгө империализм аркылуу өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик система коронавирус каршысында алсыздыгын көрсөттү. Менменсинген ири империалисттик державалар да бул вирустун дарысын табыша элек жана анын вакцинасын да чыгарыша элек. Демек, дүйнө калкы вирус коркунучунан коопсуз эмес. Бирок, ушуга карабастан, дүйнөлүк саясат ээлери бул пандемиядан пайдаланып калуу жолуна өтүштү. Жана өз кезегинде, эл аралык жана жергиликтүү саясаттар ушул негизден келип чыгып белгилене баштады.

  1. Дүйнөлүк саясат: пандемия карантиндери аркылуу ачарчылыктарды келтирип чыгаруу жана муну менен колониялардагы калктын санын азайтуу

Бул саясатты Бириккен Улуттар Уюму жана ага караштуу эл аралык уюмдардын билдирүүлөрү жана иш-аракеттери айгинелеп турат. (Белгилүү болгондой, учурда империалисттер дүйнөгө БУУ аркылуу өкүмдарлык кылышат).

Булардан маалым болгондой, империалисттер дүйнөдө жасалма ачарчылык чыгарганы жатышат. Мына, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялагандан кийин, ага каршы күрөшүүнүн стандарттарын иштеп чыкты жана муну колониядагы мамлекеттерге мажбурлап тыгыштырды. Натыйжада, аны кабыл алган мамлекеттердин баары экономикалык кризиске кептелди. Анткени, ички өндүрүш жана эл аралык соода тоңдуруп коюлду. Мисалга Кыргызстанды эле алсак, бул стандарттарды аткаруу аракетине түшкөн Кыргызстандын бюджети 500 млн доллар дефицитке учурашы күтүлүүдө жана эл аралык уюмдардын пайыздуу карыздары менен жабылары болжолдонууда. Бирок, эл аралык уюмдар дефициттин баарын эле жаптыра койбойт. Себеби, мында колониядагы мамлекетти карыз кылуудан сырткары, аны кризиске батыруу жана ачарчылык келтирип чыгаруу максаты да көздөлгөн.

Ал эми, бул стандарттарды кабыл албаган мамлекеттер эл аралык уюмдардын басымдарына кабылып, мажбурий кабыл алдырылууда. Мисалы, буга чейин бул стандарттарды кабыл албай келген Тажикстан мамлекети Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюумунун миссиясын киргизүүгө мажбурланды. Эми ал Дүйнөлүк банк божомолдоп жаткан (“Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 72 миңден 230 миңге чейин жетип, алты жарым миңден 21 миңге чейин адам өмүрү кыйылышы мүмкүн” деген) пандемия дүрбөлөңүн тан алууга жана анын стандарттарын кабыл алууга мажбур болот. Анан ал стандарттарды аткарам деп жатып үлкөн экономикалык кризиске башы менен кирип кетет.

Мына ушундайча пандемия шылтоосу артынан келтирип чыгарылган ачарчылыктын курмандыктары вирустун өзүнүн курмандыктарынан миң эселеп көп болушу күтүлүүдө.

Мисалы, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун баяндамаларында келишинче, пандемиядан келип чыккан ачарчылык акыбетинде, Африкада 73 миллион, Азия менен Жакынкы Чыгышта 43 миллион, Латын Америкасында 18 миллиондон ашуун адам кырылары белгиленген.

Муну менен БУУ адамдардын пикир-сезимин ачарчылыкты табийгыйдай кабыл алууга даярдоодо. Анткени, азыр дүйнөлүк саясатка ачарчылык аркылуу адамдарды кыруу керек болуп калды. Колонизаторлорго ишке жарамдуу кулдар гана калса болду. Маалым болгондой, колония өлкөлөрдөгү калктардын саны арбып барууда. Колонизаторлор болсо, байлыктарды талап-тоноодо колдонулчу технологиялык тармактарда үлкөн жетишкендиктерге жетишти. Эми жумушчу күчүнүн зарылдыгы азайды. Ошондуктан, дүйнө калкынын кайсы бир бөлүгүнөн кутулуу керек болуп калды. Анткени, капиталисттерге жумушсуздук үчүн компенсация төлөө зыяндуу жана колонизаторлуктан азат болууну көздөгөн козголоңчулар да керек эмес.

Ал эми империалисттик державалардын өз өлкөлөрүнө карата саясаттарына келсек, алар “ашка жүк, башка жүк” адамдарынан бир кыйла кутулуп алуу жолунда бара жатышат. Ал жерлерде вирус курмандыктары мамлекетке салык төлөй албаган, бирок, пенсия алган карыялар, инвалиддер о.э. дарыланууга каражаты жетишпеген кембагалдар болуп калууда. Мисалы, ушунун алкагында, Россияда вирус курмандыктары артып барышы менен мигранттардын жарандык алуулары жеңилдетилди. Бул калктын жумушка жарамсыздарынан кутулуп, мамлекеттин демографиялык абалын жумушка жарамдуулар (о.э. Путин режимин колдоочулар) армиясы менен толуктоону түшүндүрөт. Кытайда болсо вирустан канча адам өлгөнүн жана өлүп жатканын эч ким так айта албайт, ал эми расмий маалыматтарына ишенип болбойт. Негизи, алардын бийлигине адамдар “не жалко”. Эми болсо Кытай бийлиги да шумдуктуу ачарчылык божомолдорун айтуу менен калкынын кулагын ага көндүрүүдө.

Бул державалар пандемияга каршы күрөш үчүн бюджеттен ажыраткан үлкөн каражаттар маселеси тууралуу айта турган болсок, ал каражаттар өз өлкөлөрүнөн сыртка чыгып кетпейт, мисалы, компенсациялар аркылуу өз жарандарына тиет. О.э. капиталисттик системага ылайык, бир нече ири капиталисттер ортосунда колмо-кол айланат. Маселен, алардын бир бөлүгү медициналык жана фармацевтикалык ири менчик компаниялар ортосунда айланат. Жана дагы ири бөлүгү ишкерлерди колдоо шылтоосу менен үлкөн капиталисттер жана банкирлер колуна өтүп кетет.

  1. Эл аралык саясат Орто Азияда

АКШ Орто Азияга карата “баарын кадр чечет” саясатын алып барууда. Пандемия аркасынан Россия колонизаторлугуна сокку урууда. Муну менен россиячыл саясий чөйрөнү бөлүп жиберүүгө жетишүүдө. Мисалы, Кыргызстанда мурун аргасыздан россиячыл саясий чөйрөгө кирип келген айрым батышчыл саясатчылар эми Россияга көз карандылыктан чыгып кетүүгө ачык чакыра башташты (маселен, ӨмүрбекТекебаев). Ушул эле учурда, мурун Кыргызстанды ЕАЭБге киргизип берген саясатчылар эми андан кутулуу тууралуу сүйлөп калышты (маселен, Темир Сариев). Жана дагы бийликчил  айрым саясатчылар да Россияга карата нааразылыктарын айта турган болушту (маселен, Алтынбек Сулайманов). О.э. батышчыл оппозиционерлер россиячыл бийликтин пандемия каршысындагы шалаакылык, кайрыгерлик жана коррупционердик иш-аракеттерин ачыктоо менен, бийликти кулатууга же өтө алсыратууга катуу аракет алып барышууда. Кеминде, парламентке батышчылдардын көп келишине жан үрөшүүдө. Ал эми Кытайга каршы болсо, маалымат согушу күчөтүлүүдө.

Россия болсо Орто Азияда түздөн-түз колонизаторлук ордун жоготуп барууда. Ал Батыш саясаты каршысында алсыздык кылып, Кытай колдоосуна көз тигүүдө, бирок, муну менен ордун Кытайга алдырып барууда. Буга далил катары Москвадагы видеоталкууда РФ ТИМи Сергей Лавровдун сөзүн келтирүү жетиштүү. Анда Кыргызстанда ЕАЭБге ишенич азайып баратканы тууралуу суроо берилип, Лавров ага мындай деп жооп берди:

«Эгер Кыргызстанда бул багытта бир нерсени өзгөртүш керек деген пикир тарап жатса, демек биздин Батыштагы өнөктөштөр ишке кызуу киришкен. Бул Борбор Азия үчүн атаандаштык деген жараяндын чагылышы…».

«…Учурда биз кытай жана кыргыз кызматташтарыбыз менен Кыргызстандын темир жол түйүнүн өнүктүрүү боюнча жалпы мамилени түзүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Ал жерде темир жол Кыргызстанды Өзбекстанга кетчү транзиттик пункт гана болбостон, калк жашаган аймактарды аралап өтүп, кошумча өндүрүш жана кошумча экономикалык мүмкүнчүлүк түзгөндөй өнүгүшү керек».

Кытай болсо “баарын акча чечет” саясатын алып барууда. Вирус дүйнөгө Кытайдан таркалганына карабастан, Орто Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери аны менен алакалар мурункудай калыбына түшүшүнө абдан кызыкдар болушууда. Карыздарды жеңилдетүү жаатында жалынып-жалбарышууда. Кытай болсо кырына чыгып алды. Ал тургай, маалымат каражаттарына Орто Азия тарыхта Кытай жери болгону тууралуу макалалар жарыялатып, “ажыдаар тишин көрсөттү”. Ал андан ары куйругу менен чабуучу ыңгайлуу учурду ар качандан бир качан күтүп жатат.

  1. Региондогу жергиликтүү саясат

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан бийликтери “пандемия стандарттарына” көр-сокурларча ээрчип кетишти. Эгерде “көр-сокур” болушпаганда эле, эң кур дегенде төмөнкү суроолорго жооп издешмек:

– Карантин аркылуу мамлекет ичинде вирусту ооздуктап калган учурда да, анын башка мамлекеттерден кайра кирип келбешине кандай кепилдик бар? Мисалы, Кыргызстанга Кытайдан же Тажикстандан аба аркылуу кайра кирип келбеши кандайча кепилденет? Же колонизаторлор тарабынан “биологиялык согуш” ыкмасында кайра киргизилсе, кайра дагы ушундай карантин кылынабы?

– Бул вирустун дарысы жана вакцинасы чыккан күндө да, ал мутацияланып кайрадан өзүн көрсөтсө, анда дагы кайрадан ушундай карантин кылынабы?

– Эгер мындай карантиндик стандарттар улана берсе, адамдар коронавирустан эмес, ачарчылыктан кырыла турган болуп калбайбы?

Тажикстан жана Түркмөнстан бийликтеринин стандарттарга каршы туруусуна келсек, алар аны Исламий акыйдадан же шаръий өкүмдөрдөн келип чыгып, же болбосо, акылмандык менен кылышкан жок. Алар пандемия айынан туруксуздук пайда болуп, бул нерсе алардын диктаторлук таажы-тактыларына зыян жеткиришинен коркушту, ошондуктан,бул дүрбөлөңгө кошулбай турушту. Бирок, алар азыркы дүйнөлүк жана эл аралык саясатка моюн сунушпаса, кожоюндары алардын тактыларын заматта закымга айландырып коёру шексиз. Ошондуктан, алар кожоюндарына эшик ачууга аргасыз болушту.

Ушулардан улам, урматтуу мусулман бир туугандар, ойлонуунун, ойгонуунун убагы келди. Жогорудан маалым болгондой, дүйнөлүк саясаттан тартып жергиликтүү саясатка чейин империалисттер капитализмди орнотуп салышкан. Алар ар бириңиздердин жашооңуздарды, иш-амалыңыздарды көзөмөлдөп жатышат. Силердин өмүрүңөр менен өздөрү каалагандай ойноп жатышат. Мунун каршысында сиздер эмне кылышыңыздар керек?..

Кыскача айтканда, демократиялык бузук, империалисттик залим системаны түп-тамырынан омкоруп таштап, анын урандылары үстүнө Исламыңарды курушуңар керек. Кутулуунун мындан башка жолу жок.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here