Путин менен Эрдоган жаңы келишимге кол коюшту

140
0

Путин менен Эрдоган жаңы келишимге кол коюшту

Москвада 6 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путин ортосунда маанилүү келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык, белгилүү чекиттерде аскерий аракеттер токтотула турган болду.

Сочи келишимине кошумча протокол катары сунушталган 3 пункттан турган текстти эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери  маалымат жыйынында окуп беришти. Текстин негизги мазмуну “Идлибде дэескалация зонасында кырдаалды жөнгө салуу боюнча меморандумга кошумча протокол” деп жарыяланды.

А бирок, мурунку келишимдерде айтылгандай, Россия жана Ассад режими өздөрү “террорчу” деп атап алган топтор менен күрөш уланары белгиленди. Бул болсо кыргындарды улантуу үчүн Россия жана Асад күчтөрүнө даяр шылтоо болуп эсептелет. Алгач Астана жана Сочиде түзүлгөн “ок атышууну токтотуу” келишимдери да ушундай көрүнүштө аяктап, ар дайым Россия менен Асад режими келишимди бузуп, жай тургундарды кыргын кылууну уланткан эле.

Жогорудагы жолугушуу орус аскерлери Сирияда 33 түрк аскерин өлтүргөндөн кийин болуп өттү. Жолугушуунун алдында Путин “биз түрк аскерлери турган жерди билбейт элек” деп, Эрдоганга көңүл айтты. А бирок, Сирияда координациялык борбор бар болуп, анын башында Россия турат. Ошондуктан, Россия муну билбей калышы мүмкүн эмес. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар да түрк аскерлери турган жерди Россия билерин жарыялады.

Негизи орустардын бул чабуулу оппозициялык күчтөр Түркия армиясы жардамында Асад күчтөрүн чегинүүгө мажбур кылганы үчүн жооп соккусу эле. Себеби, Россия Идлиб маселесин батыраак чечип, ал жерден аскерин алып чыгып кетүүнү каалап жаткан болсо, АКШ буга жол бермекчи эмес. Себеби, АКШ оппозицияны бир-бирден өзүнө тартып, Сирия маселесин саясий чечим менен жөнгө салмакчы болууда. Бул милдет Түркияга жүктөлгөн. О.э. Россия Сирияда канчалык көп турса, ошончолук көп күчүн жоготот. Бул болсо АКШга пайдалуу.

Киямуддин Шариф

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here