Мушрик Кытай өкмөтү муслималарды тукумсуз кылуу үчүн дары берүүдө

628
0

Мушрик Кытай өкмөтү муслималарды тукумсуз кылуу үчүн дары берүүдө

Мушрик Кытай өкмөтү Шинжаңдагы “лагерлерде” кармалган аялдарга тукум улоо системасына таасир эткен дары-дармектерди мажбурлап беришет. Алар кыйноого, зордуктоолорго туш болууда. Бул тууралуу ушундай лагерлердин биринде тогуз ай бою кордук көрүп чыккан Турсунай Зиявудун «Эркин Азия» радиосуна айтып берди.

41 жаштагы Турсунайдын айтымында, лагерге түшүп калуусуна 2008-жылы жолдошу менен Казакстанга көчүп кетиши себеп болгон. Ал 2017-жылы Кытайдын Чыгыш Туркистандагы мусулмандарга карата куугунтугу күчөп турган учурда туугандары менен учурашканы барып калат. Келинди бийликтин иттери эч нерсе түшүндүрбөстөн камакка алышат. Турсунай ал жердеги аялдарды кызматкерлер маал-маалы менен алып кетип, балалуу болбосун деп операция жасап же күчтөп дары беришкенине күбө болот.                                             

Турсунай 2018-жылдын аягында бошоп чыгып, Казакстанга келген. Бирок Казак-Иле автоном аймагындагы туугандары ал кеткенден кийин камакка алынышкан. Кудайсыз кытай бийлигинин 2016-жылдан кийинки саясатынын курмандыгы болгон мусулмандардын буга окшогон окуялары ыйманы бар адамдын уйкусун бузаары талашсыз. Бирок, биз мусулмандар боордошторубуздун кордолушун токтотуу үчүн чечим чыгарууда жаңылып жаткандайбыз. Айрым мусулмандар Кытайдын заалимдигин токтотууда эл аралык уюмдардын аракетин чечим катары көрүп жатат. Бирок, Батыш баштаган уюмдар мушрик кытай өкмөтүнүн мусулман калктарды ассимиляция кылуу саясатын каралап жатса да, Кытайдын мусулмандарга карата зулумдугу эртең алардын кызыкчылыгына туура келип калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, биз мусулмандар үстүбүздөгү саткын акимдерден же эл аралык саясаттан мусулмандардын укугун коргошуна үмүт артпашыбыз керек. Бул акимдердин Шинжаңдагы мусулмандардын запкы чегүүсүн Кытайдын ички саясаты катары тааный тургандыгын бир ооздон айтып чыгышканына күбө болдук.                                                                                     Андыктан, мушрик Кытай бийлигинин зулумдугун тыюу үчүн мусулмандардын биригүүсү шарт! Мусулмандар качан гана Ислам идеологиясы негизинде бириккенде жеңишке жетет! Анткени мусулмандардын мабда негизинде биригүүсү Исламды жашоого алып келет жана Ислам мамлекети ичкериде да тышкарыда да Ислам саясаты негизинде иш алып барат. Бул өз кезегинде мушрик Кытайдын зулумдугун тыюу үчүн Кутайба ибн Муслим сыяктуу армия жетекчилерин сапарбар кылууну шарттайт. Бул армия миллиондогон эр жүрөк мужахиддерден туруп, Бейишти же жеңишти гана үмүт кылышат. Албетте ал армия тарыхта Кытайды чээнинен чыкпагыдай кылып ийинине киргизет, ИншаАллах!

Ибн Умар разияллоху анхудан риваят кылынат: Расулуллах саллаллаху алайхи ва саллам айтты: “Мусулман – мусулмандын боордошу. Ага зулум да кылбайт, аны тек да таштап койбойт. Кимде-ким боордошунун кажетин чыгаруу жолунда болсо, Алла анын кажетин чыгаруу жолунда болот, кимде-ким бир мусулмандын капалыгын таркатып жиберсе, Алла кыямат күнүндө анын бир капалыгын таркатып жиберет, кимде-ким бир мусулмандын айыбын жапса, Алла кыямат күнүндө анын бир айыбын жабат”, — деди. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here