ТИМ: Визага чектөө Кыргызстан-АКШ алакасына зыян тийгизди

228
0

ТИМ: Визага чектөө Кыргызстан-АКШ алакасына зыян тийгизди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы кыргыз жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга киргизген чектөө боюнча жооп берди.

Мекеме 1-февралда тараткан маалыматта Кыргызстан кабыл алынган чечимге өкүнүп жатканы жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына сезилерлик зыян тийгизгени айтылат.

 “Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жигердүү катышкан мамлекет болуп саналат. Терроризм менен күрөшүү үчүн өз салымын кошту жана кошуп жатат. Азыркы тапта 80ден ашык мамлекетте биометрикалык паспорт ишке кире элек. Визалык чектөө тандалма түрдө айрым гана мамлекеттерге киргизилди”, – деп айтылат маалыматта. Булак: “Азаттык” үналгысы.

Комментарий:  Кыргызстан эл аралык саясатта таасири жок мамлекеттердин катарында. Жетекчи мамлекеттер Кыргызстанда бирер арзыбаган кызыкчылыгы жүзөгө чыкпай калса, ар түрдүү жолдор менен Кыргызстанды басмырлай башташат. Кыргызстан учурда Россия менен АКШ бири-бирине о.э. Кытайдын кызыкчылыктарына каршы күрөштө стратегиялык маанилүү аймак болуп турат. Ошондуктан, Кыргызстан өз кызыкчылыгынан келип чыгып аракет кыла албайт.

ТИМдин Кыргызстан “терроризм”ге каршы күрөшүп жатканын милдет кылып жатканына келсек, мамлекет өз жарандары үстүндө ишке ашырып жаткан “антитеррордук” аракеттердин бардыгын АКШ сыяктуу ири мамлекеттин кызыкчылыгы жана талабы негизинде ишке ашырып жатканын тымызын моюнга алууда. Министр “биз АКШ үчүн ушундай кызыкчылыктарды ишке ашырып берип жатканыбызга карабастан, ал бизди визалык чектөө менен басмырлап жатат” демекчи болууда.

Демек, АКШ-Кыргызстан ортосунда дагы башка келишпестиктер бар. О.э. Кыргызстан ЕАЭБ ортосунда да олуттуу келишпестиктер бар. Бирок, Кыргызстан бул тармакта да Россия менен мамилени бузуп алуудан корккондуктан, ЕАЭБден зыян тартып жатканын жашырып келет. Ошого карабастан, Россия Кыргызстанга Тажикстан жана Казакстан менен чек араларда бир катар проблемаларды пайда кылууда. Ар бир ички жана тышкы фитналар же чектөөлөр артында ушул сыяктуу тышкы күчтөрдүн бирер кызыкчылыгы жатат!

 Кыргыз бийлиги бирер долбоордо өз мамлекетинин кызыкчылыгын коргой албай калды. Кыргызстанда мамлекетти өнүктүрүшү мүмкүн болгон ар бир долбоор эл аралык саясаттагы бирер ири мамлекеттин кызыкчылыгына тескери келип калбашы эсепке алынат. Ар бир экономикалык аракет же долбоор эл аралык саясаттын кызыкчылыгы негизинде ишке ашырылат. Антпесе, мамлекетке жогорудагы сыяктуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here