ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Алма-Атада чогулушту

432
0

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Алма-Атада чогулушту

Казакстандын Алма-Ата шаарында 31-январь күнү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген чөйрөдөгү отуруму болуп өттү. Ага Россия, Казакстан, Армения, Беларус жана Кыргызстандын өкмөт башчылары катышты. Бул тууралуу “Sputnik” Казакстан кабарлады.

Тар чөйрөдөгү жолугушууда Казакстан, Россия жана Беларустун өкмөт башчылары, Армения жана Кыргызстандын өкмөт башчыларынын орун басарлары “Глобалдык экономиканын санариптештирилген келечеги” форумуна катышты.

Алма-Атадагы жолугушууда өкмөт башчылар 14 маселени талкуулай тургандыгы кабарланган. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ишмердүүлүгү жана анын укуктук базасын өнүктүрүү талкуунун негизги багыты болуп эсептелет.

 “Өкмөт башчылар эл аралык эрежелерди жана башка интеграция бирикмелеринин тажрыйбасын эсепке алып, ЕАЭБдин атайын коргоочу, антидемпинг жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртуу боюнча бир катар маселелерди о.э. биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тийиштүү укуктук базаны өзгөртүү боюнча сунуштарын карап чыгышат”, – деди Россия өкмөтүнүн аппарат башчысынын орун басары Эльмир Тагиров.

 Комментарий: Россия башчылыгында түзүлгөн ЕАЭБдин алкагында түрдүү деңгээлде – мамлекет башчылар, Жогорку экономикалык кеңеш же өкмөт башчылар деңгээлинде – жолугушуу жана жыйындар өткөрүлүп жатканы менен, ал  жыйын жана жолугушуулардан бирер натыйжа күтүүнүн кереги жок. ЕАЭБдин негизги принциби “төрт эркиндик” – жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызматтардын эркин аракеттенүүсү экендигине карабастан, ал эркиндиктер негизинен Россиянын  жана биримдиктеги экономикалык жактан кубаттуураак болгон мамлекет башчылардын каалоосуна көз каранды болуп калууда. Алар каалаган убакта “фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл” шылтоосу менен товарларды алып өтүүнү чектеп коюшууда  жана ЕАЭБден Россия гана пайда көрүүдө.

 Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтарына ылайык, 2019-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Казакстан ЕАЭБдеги союздаштарга 4 млрд. доллардык товар экспорт кылып, дээрлик 9.3 млрд. доллардык товар жана кызматтарды импорт кылган. Ошентип, тышкы соодадагы тескери сальдо 5.3 млрд. долларга барабар болгон.

 Беларустун тышкы соодадагы тескери сальдосу 4.7 млрд. доллар (экспорт 9.4 млрд. доллар, импорт – 14.1 млрд. доллар), Кыргызстандыкы – 925 млн. доллар (экспорт – 391,6 млн. доллар, импорт – 1.3 млрд. доллар), Армения – 513.6 млн. доллар (экспорт – 465.4 млн. доллар, импорт – 979 млн. доллар) болгон.

Биримдикке мүчө өлкөлөрдөн Россиянын гана соода балансы оң көрүнүштө болгон. Аталган убакта Россиянын оң сальдосу  11.2 млрд. долларга барабар болгон. Мында экспорттун көлөмү 24.4 млрд. доллар болсо, импорт 13.2 млрд. долларды түзгөн.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here