Исламий өздүк коркунуч астында, мусулмандар тезинен буга каршы аракетке келиши керек!

447
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Исламий өздүк коркунуч астында, мусулмандар тезинен буга каршы аракетке келиши керек!

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَاراً وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلَائِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَّا يَعْصُونَ اللهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ﴾

«Эй момундар, силер өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар болгон тозоктон сактагыла, ал (тозок) үстүндө катуу дил жана катуу кол, Аллах аларга буюрган нерсеге итаатсыздык кылбай турган жалаң гана өздөрүнө буюрулган нерсени аткара турган периштелер турат»                                                                                                      [66:6]

Хаким жана Билимдүү Аллах адамзатты жаратты, теги жана динине карабастан, бардык адамдардын турмуштук иштерин тартипке сала турган өкүмдөрдү белгиледи. Аллах белгилеген бул түзүм калктардын ынтымагынын үлгүсү болгон өзгөчө коомду пайда кылды жана бардык жарандардын укуктарын кепилдеди. Коомду тартипке салган өкүмдөр жана мыйзамдар топтому болгон ушул исламий шарият аял кишиге жоолук оронуу милдетин жүктөдү. Ошондуктан, биз ушул өкүм (т.а. жоолук оронуу) менен сыймыктанабыз. Бул өкүм адам муктаж болгон нерсени жакшы билген Билимдүү Жаратуучу тарабынан келген.

Соңку жылдарда бир катар саяатчылар исламий көрүнүштөрдү, өзгөчө, жоолукту кылмышка чыгаруу максатында Ислам жана мусулмандарга каршы катуу чабуул башташты. Саясий партиялар исламий мектептерди бир нече ирет жаап коюшту. 2017-жылы Роннебю муниципалитети мектептерде орозо кармоого тыюу салууга аракет кылды. 2018-жылы Христиан демократтар партиясы азанга тыюу салууга урунду. 2019-жылы май айында Стаффансторп жергиликтүү бийлиги мектепте жоолук оронууга тыюу салды. Андан көп убакыт өтпөстөн 2019-жылы жаз айларында Брумёлла жергиликтүү бийлиги жумуш маалында намаз окууга тыюу салууга аракет кылды. Ушул эле жылы август айында Ярвила жергиликтүү бийлиги мектептерде түштөнүү үчүн адал тамак даярдоого тыюу салды. Ошол жылдын сентябрь айында борбордук партия балдардын сүннөткө олтургузулушуна тыюу салмакчы болду. Бир нече апта мурда Треллеборг муниципалитети жергиликтүү бийликтин курамына кирген адамдарга кол берип учурашууну шарт кылуу токтомун чыгарды. Скорп жергиликтүү бийлиги мектепте жоолук оронууга тыюу салды. Көрүп турганыбыздай, алардын Исламга каршы күрөштөгү негизги этибары жоолукка каратылган. Алардын айтымында, жоолук аялга зулум кылуунун көрүнүшү.

Швецияда Ислам жана мусулмандарга душмандык кылган саясат жаңылык эмес. Биз мусулман катары динибиздин өкүмдөрүнө тыюу салынышын көрүп, унчукпай карап тура албайбыз. Перзенттерибизге жана үй-бүлөлөрүбүзгө каршы алып барылган адаштыруу саясатын о.э. мусулмандарды туура эмес пикирлерге ишендирүү аракеттерин көрүп-билип туруп, унчукпай туруу биз үчүн жаиз эмес. Биз жоопкерчиликти жеке катары эмес, Уммат катары өз мойнубузга алышыбыз керек. Бизге каршы душманчыл саясаттан максат – бизди Исламдын өкүмдөрүнөн баш тартууга мажбур кылуу. Бул чектөөлөр жана саясаттар белгилүү бир жамаатка же алар айтып экстремисттерге каратылбаган. Алар бүткүл мусулмандарды бутага алышкан жана алардын ушул душманчыл саясаты эртеби-кеч бардык мусулмандарга жетип барат. Биз ушул саясаттарга мыйзамдуу жолдор о.э. бизге каршы зулумду маалымат каражаттарында ачыктоо аркылуу каршы күрөшүүбүз керек. Биз, мусулмандар, ички келишпестиктерди четке коюп, бир дене катары ушул проблемаларга каршы күрөшүүбүз зарыл.

Батыш дүйнөсү муслима аялдарды азат кылууну айтып, алардын жоолуктарын мажбурий түрдө чечүүгө урунуп келди. Алар бул иштери менен өзүлөрүнүн принцип жана эркиндиктерине зыян жеткиришүүдө. Түпкүлүгүндө, алар үчүн аялды азат кылуу эч кандай кыйматка ээ эмес. Акыйкатта, муслима аялдар Аллахтын буйруктарын аткаруу менен сыймыктанышат. Алар үчүн аялды эксплуатация кылып, ага зулум кылып жаткан эркиндиктер эч кандай мааниге ээ эмес. Түрдүү шылтоолор менен жоолукка тыюу салуу жана муслималарды жоолукту чечүүгө мажбур кылуу илманий баалуулуктардын алсыздыгына жана исламий пикирлердин күчтүүлүгүнө далалат кылат.

Исламий өкүмдөргө амал кылууну кылмышка чыгарууга мурда да урунган, келечекте да урунушу күтүлүп жаткан ушул консерваторлор, Швед демократтары партиялары о.э. жергиликтүү бийликтер жана башка партиялар терс чөйрөнү күчөтүүгө салым кошууда. Мындай чөйрө мусулмандарды шектүү көрсөтүп, аларды улутчулдардын чабуулуна бута кылат жана мусулмандардын коомдун активдүү мүчөсү болушуна тоскоолдук кылат. О.э. бул чөйрө мусулмандарды швед коомунун бир бөлүгүнө айлантууга, же коомго аралашып сиңип кетүүгө, же исламий баалуулуктардан баш тартууга мажбур кылат. Же болбосо, мусулмандар коомдон бөлүнүп, четте калышат. Аллах Таала айтат:

﴿يُرِيدُونَ أَن يُطْفِؤُواْ نُورَ اللهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللهُ إِلاَّ أَن يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ﴾

«Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, (кафирлер) каалашпаса да Өз нурун толук жаюуну каалайт»                                                         [9:32]

Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, Швециядагы мусулмандарды ушул саясаттарга каршы турууга, өз динине жардам берүүгө, Ислам өкүмдөрүнө баш ийүүгө о.э. динибиздин өкүмдөрүнө амал кылууга тыюу салып жаткан ушул токтомдорго, саясаттарга каршы күрөшүү үчүн биригүүгө чакырабыз. Швециядагы бул иштер Исламга каршы алып барылып жаткан дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү. Ушул себептен улам, мусулмандарды исламий өздүктү коргоо үчүн биздин аракетибизге кошулууга чакырабыз.

Хизб-ут-Тахрир                                                                               3-жумадул-аввал, 1441-х.

Швеция                                                                                                    29-декабрь, 2019-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here