Путин Хизб-ут-Тахрирге тухмат кылды

477
0

Басма сөз баянаты

Путин Хизб-ут-Тахрирге тухмат кылды

2019-жылы 10-декабрда Россия президенти Владимир Путин Хизб-ут-Тахрир исламий партиясы жөнүндө биринчи ирет кеңири маек берди. Ал адам укуктары кеңешинин жыйынында белгилүү адвокат Юрий Костановго каршылык билдирип мындай деди: «Сиз зыяны жок деп эсептеп жаткан Хизб-ут-Тахрир маселесине келсек, бул партия 1953-жылы Куддуста сиздин кесиптештериңиздин бири, шарият сотунун судьясы тарабынан түзүлгөн. Бул партия өзүнүн негизги укуктук документтеринде түздөн-түз бийликти басып алуу жана дүйнөдөгү мамлекеттерде – алардын катарында Россияда да – өз идеяларын жаюу аркылуу Халифалыкты тикелөө зарылдыгын ачык билдирген. Ал бир нече өлкөлөрдө мыйзамдуу таризде иш алып барат». Юрий Костанов Россияда Хизб-ут-Тахрир террористтик чабуулдарды жасаганына далилдер жетиштүү болбогонуна карабастан, анын мүчөлөрү 25 жылга эркинен ажыратылып жатканын айтты. Путин Хизб-ут-Тахрирдин террорчу уюм экендигин далилдөө үчүн Федералдык коопсуздук кызматы даярдап берген «далилдерди» көрсөттү. Мисалы, Путин Хизб-ут-Тахрир Германияда жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттерде террорчу уюм деп эсептелет деди. Акыйкатта болсо, Россия гана Хизб-ут-Тахрирди террористтик уюм деп эсептеши баарына белгилүү. Ага карабастан, Путин түрдүү шылтоолорду айтып мындай деди: «Бул партиянын аракети мындай, эгер ушинтип айтууга болсо, ал өз мүчөлөрүнүн башка диндерге кайрылуусуна тыюу салат, жеке жана үй-бүлөлүк иштерге аралашат. Өкүнүчтүүсү, бул партия харам деген пикирлерди тараткандыктан жаман акыбеттер келип чыккан. Мисалы партия кан куюуну харам дегени. Алар балдарга кан коюуга тыюу салышкан. Негизи, балдардын өмүрүн ушул процедура аркылуу куткарып калууга мүмкүн болгон абалдар болот. Өткөн жылы Россиянын Кабардин Балкария Республикасында болгон үрөй учурган кырсык буга мисал. Ал окуяда бала каза болду. Чиркөө тарапкерлерине мажбурий жардам көрсөтүлгөн жайларда балдар сакталып калган».

Кийин Путин тыңдап тургандарга эмоциялуу сөздөрдү айтып сөзүн бүтүрдү: «Дагы бир ирет баса белгилеймин, Россия жогорку соту бул партиянын террорчулугу жөнүндөгү токтомду мыйзамга толук ылайык түрдө кабыл алган, арийне, аны колдонуу шарт».

Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, мусулман өлкөлөрүндөгү тогуттарды жана куфр мамлекеттеринин жетекчилерин ыраазы кылууга аракет кылбайбыз. Ушуну баса белгилөө зарыл, бул тогут жана куфр жетекчилеринин эч бири Хизб-ут-Тахрирди терроризмге байлоого урунбаган. Себеби, Хизб бийлик үчүн күрөшкө киришпегени баарына белгилүү. Путин ийгиликке жетишкени жөнүндө жалган сөздөрдү айтты. Анын айтымында, Россия Хизбди террорчу уюмдардын тизмесине киргизүүдө Германия жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттерине кошулган имиш. Путин бул жалганы менен алсыз-кор экенин көрсөттү. Анын бул сөздөрү Хизб-ут-Тахрирдин аброюна кымындай зыян жеткирген жок.

Ушуну баса белгилейбиз, Россияда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы ачык-айкын көрүнүп турган зулумду талкуулоо жана сотто аларга катаал өкүмдөрдү колдонуу күчөгөндөн күчөдү… Адам укуктары боюнча кеңеш жыйынында Хизб жөнүндө ушул суроонун көтөрүлгөнүнө о.э. суроого Путин тухмат жана жалган-жалааларга толо жооп бергенине, ал тургай, Федералдык коопсуздук кызматы да күбө болуп турат.

Путин Хизбди чиркөө деп атады жана кан куюуга уруксат бербейт деп тухмат кылды. Ал Хизб-ут-Тахрир менен протестант чиркөөсүн айырмалай албаган кимсе көрүнөт. Бул жерде Россия Федералдык коопсуздук кызматы атайылап ушундай тухмат кылдыбы же Путин капыстан ката кетирдиби, айырмасы жок. Маанилүүсү, Россия Федералдык коопсуздук кызматында да, Путинде да Хизб-ут-Тахрирди террорчу уюм деп айыптоого эч кандай далил жок.

Орус бийлиги кандай формада экенине карабастан, мамлекет ичинде жана сыртында ар дайым Исламга каршы саясат алып барат. Бүгүнкү күндө мамлекеттин чыныгы кожоюну атайын кызмат болуп, Исламга жана анын кайтышына каршы күрөшкөн негизги күч да ушул болот. Өзгөчө баса белгилөө зарыл, бул атайын кызмат терроризмге каршы күрөш маскасын жамынып алып Исламга каршы согуш алып баруу аркылуу бюджеттен чоңураак үлүшкө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүдө. Т.а. ал Исламды жаман көргөнүнөн гана келип чыгып аракет кылбастан, аны менен бирге, ач көздүк жана бийликке өчтүгүнөн кылып жатат.

Россия Исламдан коркууда. Россия узак доор бир нече мусулман өлкөлөрүнө каршы согуш алып барып, аларды басып алган. Бүгүн ал ушул нерсени сактап калууга аракет кылып жатат. Россия өтмүштө христиандаштыруу, репрессия кылуу о.э. Исламга итикад кылган адамдарды кыргын жана сүргүн кылуу саясатын колдонгон болсо, бүгүн түрдүү шылтоолор менен мусулмандарды эркининен ажыратууда. Себеби, бул режими Россияда 20 миллиондон ашуун мусулман калктан тынчсызданып жатат. Россия режими мусулмандар өз тарыхын жана улуу маданиятын унутуп, орус империясына калыс кызмат кылуусун каалап жатат. Ошондуктан, Путиндин ушундай билдирүү берип жатканы о.э. Хизб-ут-Тахрирге каршы кескин күрөш алып барып жатканы бир нерсени гана билдирет т.а. узак кылымдардан бери орус бийлигинин Исламга каршы алып барып жаткан жырткыч күрөшү дагы эле уланып жатканын түшүндүрөт. Бүгүн Кремль Исламды мыйзамдуу түрдө тыя албайт. Ушул себептен улам, «терроризм» коркунучу деген жалган негизде Исламга каршы күрөшүүдө. Алар үчүн Хизб-ут-Тахрир да мына ушундай «коркунуч» болуп эсептелет. Себеби, алар Хизб мүчөлөрүндө мусулман калктарын исламий саясий системага кайтарууга күч бар экенин көрүп жатышат.

Россия репрессия менен да, тухматтар менен да, айла-амал менен да хак нурун эч качан өчүрө албайт! Бул мамлекеттин жетекчилери мурда мусулмандарды Чеченстан жана Афганстанда кыргын кылышкандай, бүгүн да мусулмандарды Сибирде, Волгада, Кавказ жана Урал тоолорунда азаптоодо, Сирия жана Ливияда кыргын кылууда! Бирок, Аллахтын уруксаты менен, алардын бул жырткычтыктары алыска барбайт. Жакында алар мусулмандарга каршы жасаган кылмыштары үчүн өкүнүп калышат. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ﴾

«Сен эч качан – Аллах залим кимселердин кылып жаткан иштеринен кабарсыз, деп ойлобо! Аллах аларды көздөр катып кала турган күнгө калтырууда»                                      [14:42]

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here