Хизб ут-Тахрир–мубарек Фалестин: Батыш, феминисттик уюмдар жана акимдер муслималарга каршы пикирий терроризмди алып барышып, аларды аздырышууда

530
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб ут-Тахрир–мубарек Фалестин: Батыш, феминисттик уюмдар жана акимдер муслималарга каршы пикирий терроризмди алып барышып, аларды аздырышууда

2019-жылы 9-октябрь күнү Хизб-ут-Тахрирдин Бирзайт университетинин студенттеринин Ал-Ваъй тобу саясий интеллектуалдуу жыйын өткөрдү. Фалестин жериндеги аялдар жана акыркы учурларда алар жолугуп жаткан фитналар жөнүндөгү жыйынды Хизб-ут-Тахрир–Фалестин вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү мухандис Бахир Салих жетектеди.

Бахир Салих маалы-маалы менен өткөрүлүп жаткан кампанияларга айкындык киргизди. Анын сөздөрүнө ылайык, мындай кампанияларда аялга адилетсиздик кылынып жатканына этибар берилет. Абал абдан көбүртүлүп көрсөтүлгөн, окуяларды күзөтпөгөн киши – бул жерде чоң, кооптуу проблема бар, бул проблема Фалестиндеги аялды өз иримине тартышынан мурун тезинен ага каршы күрөшүү керек деген ойго барышы мүмкүн. Бахир Салих окуялар – кудум, бул нерселерге Ислам себепчидей – аялга карата зомбулук кылынышына каршы күрөшүү шылтоосу астында Ислам өкүмдөрүнө чабуул кылууга алып бара турган даражада көрсөтүлүп жатканын каралады.

Жыйында Бахир Салих феминисттик уюмдар жана аялдар кыймылдары жөнүндө сын суроолорду ортого салып мындай деди:

«Эмне үчүн бул уюмдар маркум Исро Гариб маселесине этибар берип, бирок, Саудиядагы муслималарга этибар беришпейт, мисалы, акарат көрүнүштө камаккка алынып, эки айдан бери камакта кармалып турган Ала Башир айымдын маселеси, жырткычтык менен өлтүрүлгөн мухандиса Навин Аварида маселеси жана пакистандык ажайып аалым Афият Сиддикий маселеси сыяктуу?!

Коомубуздагы проблемалар жалаң гана аялдар проблемасына чектелген эмес. Андан сырткары баңгизат, адам өлтүрүү, коррупция, зулум сыяктуу проблемалар көп. Бул проблемалардын баарына Ислам себепчи эмес, тескерисинче, Исламдын жоктугу себеп. Анткени, Ислам колдонулбай, анын ордуна капиталисттик демократиялык түзүм колдонулууда».

Бахир Салих ушуларды баса белгиледи:

«Дүйнөдө аялдын сый-урматын камсыздаган жана укуктарын коргогон Исламдай түзүм жок. Ислам – эркек менен аялга ырайым кылган дин, ыраазы болуп ыктыярдуу түрдө кабыл алынган дин. Эч ким мажбурланып Исламга киргизилбеген. Арийне, шариатка кайрылуу акысы ишеним жана ыраазылыктан келип чыгат. Шариат мыйзам чыгаруу укугун ушул укук ээсине т.а. Аллах Субханаху ва Таалага берди. Бирок, феминисттик уюмдар жана активист аялдар муслималарды илманийликке итаат кылууга жана Батыш идеологиясын кабыл алууга мажбур кылышууда, негизи, мусулмандар бул идеологияга биринчи номурдагы душман катары карашат. О.э. бул уюмдар өз көз караштарын зордоп кабыл алдыруу үчүн күч жана зомбулук жолун карманышууда. Буга жакында нике куруу жашын узартуу сыяктуу мыйзамдарды мажбурлап киргизип жатканы мисал болот».

Бахир Салих сөзүн минтип жыйынтыктады:

«Батыш, феминисттик уюмдар жана акимдер канааттанган, ыраазы болгон жана мумина муслималарга каршы пикирий терроризм алып барышууда. Аларды Батыштын либералдуу пикирлерин кабыл алууга мажбурлап жатышат. Акыйкатта болсо,  мындай пикирлердин кибласы – Париж, Лондон жана Вашингтон. Алар Батышта аялдар кудум абдан бактылуу жашап жаткандай көрсөтүү менен муслималарды алдоого, аздырууга урунуп жатышат, акыйкатта болсо, Батыштагы аялдардын абалы мунун тескериси».

О.э. Фалестин политехника университетиндеги Ал-Ваъй тобу «Муслима, мумина, канита, таиба, абида бол» деп аталган демонстрация да өткөрүштү. Демонстрацияда Ал-Ваъй тобунун жаштары феминисттик уюмдарга минтип кайрылып: «Силер динибизден алыс, баалуулуктарыбызга жатсыңар, андыктан, силерди ким мусулман аялдарына өкүл кылды», бул уюмдардын чыныгы маңызын ачыкташты.

«Аскерлери эже-карындаштарыбыздын намысын тебелеген, Умматыбыздын канын төкккөн мамлекеттер тарабынан каржылангандар – биздин өкүл эмес. Бизди жалган үгүтүңөр жана урааныңар менен эч качан алдай албайсыңар. Биздин өкүл – Исламды булак жана адал-арам өлчөөсү кылып алган муслима, мумина, канита жана абида аялдар», – делди кайрылууда.

Роя гезити, №256, 2019жыл, 16октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here