Россия Тажикстанга 5 млн. доллардык аскерий техника жана курал-жарак берди

301
0

Россия Тажикстанга 5 млн. доллардык аскерий техника жана курал-жарак берди

Россиянын Борбордук аскерий округунун командачысы Александр Лапиндин билдиришинче, Россия Тажикстанды Борбор Азия аймагындагы негизги союздашы катары көрөт жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо программасынын алкагында анын коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө жардамдашат.

Россиянын аскерлери Тажикстан куралдуу күчтөрүнө кайтарымсыз түрдө жалпы баасы 320 млн. рублге (5 млн. доллар) бааланган аскерий техника жана курал-жарактарды берди. Бул тууралуу Россия Борбордук аскер округунун маалымат кызматы кабарлады.

Курал-жаракты тапшыруу иш-чарасы Душанбе шаарында ЖККУнун “Бузулбас боордоштук – 2019” машыгуусунан кийин уюштурулду. 

  Комментарий: негизи 5 миллион доллар аскерий тармак үчүн көп деле каражат эмес. Себеби, курал чыгаруучу мамлекеттер курал-жарак жана аскерий техникалардын баасын өтө кымбат белгилеп коюшкан. Мисалы, Россия чыгарган “Армата” танкынын баасы буюртмага карай 5,5 миллион доллардан 7,7 миллион долларга чейин өзгөрүп турат (буюртма канчалык көп болсо, баа ошончолук арзан болот). БТР-82А нын баасы 490 000 доллар…

Мындан тышкары, бул мамлекеттер эч качан эң акыркы үлгүдөгү курал жана аскерий техникаларын көз каранды мамлекетке сатпайт жана тартуулабайт. Алар бул мамлекеттерге эски куралдарын берип, ал эми өз армияларын акыркы муундагы күчтүү жана заманбап куралдар менен жабдышат.

 Россия бул берген куралдарын “кайтарымсыз” деп жатканы менен, мунун артында биринчиден Тажикстанды аскерий тармакта дагы да көбүрөөк көз каранды кылып алууну жана аскерий аралашуусун ого бетер күчөтүүнү пландаштырган болсо, экинчиден АКШнын аскерий жардамдарды көбөйтүү аркылуу Борбор Азияга кирип келе жатышына тоскоолдук кылууну көздөгөн.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here