Индия басып алынган Кашмирдеги мусулмандарга жума намазын окууга уруксат бербей жатат

374
0

Индия басып алынган Кашмирдеги мусулмандарга жума намазын окууга уруксат бербей жатат

Пакистан болсо жаңжалды тынч жол менен чечүүгө даяр экенин айтууда!

Индия режими алып барып жаткан саясат себептүү регионалдык абал курчуп, аянычтуу бир көрүнүштө турганда, Кашмир вилаятынын басып алынган бөлүгүндө жашаган калк намаз окуу үчүн мечиттерге киргизилбей жатышканын айтышууда. Жума күнү эрте менен Жамму жана Кашмир вилаятында эң чоң шаар эсептелген Сринагардагы чоң жамиъ мечит жаап коюлду… Дарбазалары алдына аскерий машиналар коюлду… дүкөндөр ачылбаганын жана көчөлөр ээнсиреп калганын көрүү кыйын эмес…

«Пакистан режими тынч жол менен чечүүгө даяр» деген сөз Пакистандын БУУдагы туруктуу өкүлү Малиха Лудинин билдирүүсүндө айтылды. Бул сөздөрдү ал жума күнү Кытайдын талабы Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өткөрүлгөн соң басма сөз конференциясында айтты. Өз кезегинде, Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү да анын «мамлекети, оюн өзгөчө, Кошмо Штаттар тарабынан башкарылып жатканда, ар кандай бир тараптуу аракеттен кооптонуп жатканын билдирип, Коопсуздук Кеңешинин кезектен тышкары жыйынында Кашмир маселеси боюнча эч кандай расмий натыйжа (билдирүү же токтом) чыгарылбаганын баса белгиледи». Мунун тушунда, Индия коргоо министри Ражнат Сингх анын мамлекети ядролук куралдан пайдаланып, «биринчи сокку берүү» саясатын өзгөртүү укугун өзүндө сактап каларын айтып, бул саясаттын келечеги «абалга байланыштуу» экенин баса белгиледи.

Роя гезити, №248, 2019-жыл, 21-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here