Эрдаган мырза, ансарлар мухажирлерге ушундай мамиле кылышканбы?!

471
0

Эрдаган мырза, ансарлар мухажирлерге ушундай мамиле кылышканбы?!

«Смарт» агенттигинин сайты хижрий 1440-жылы 4-зул-хижжа, миладий 2019-жылы 5-август күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Өткөн июль айында түрк режими миңдеген сириялык качкындарды Сириянын Идлиб шаарына жана Түндүк Халабга депортация кылды.

Сириядагы «Бабул Хава» чегара пунктунун жетекчилиги өзүнүн сайтында Түркия бийлиги Идлиб вилаятына алып бара жаткан 6160 сириялык качкынды кабыл алганын ачыктады.

Өз кезегинде, Иъзаз районундагы «Бабус саламат» деген Сирия-Түркия чегара пунктунун башчысы генерал Касим Касим «Смарт» агенттигине акыркы төрт күндө 800 (күнүнө 200дөн) качкынды расмий түрдө кабыл алганын билдирди.

Касим баса белгилешинче, Иъзаз районуна депортация кылынган качкындар беш жылдан бери Түркияда жашап, депортация болушуна Истамбул шаарында «убактылуу уруксат күбөлүгү» жоктугу себеп болгон.

Касимдин айтымында, Иъзаз районуна алынып келинген качкындар каалаган тарапка көчүү жана кетүү укугуна ээ.

Белгилүү болгондой, түрк режими 2019-жылдын июнь айында бир гана Бабул Хавадан Идлибге 4178 сириялык качкынды депортация кылган. Африн, Иъзаз, Жираблус жана Баб сыяктуу Түндүк Халаб райондору менен Түркия чегаралары пункттарында эч кандай расмий статистика жок, себеби, Сирия тарабындагы ушул пункттардын администрациясы массалык маалымат каражаттарына маалымат берүүдөн баш тартышкан.

Миңдеген сириялыктар Түркияда бир нече жылдан бери жашап жатышканына карабастан, жашоо үчүн расмий уруксат алууда чоң кыйынчылыктарга учурашууда. Андан тышкары, Түркия ичинде шаардан-шаарга өтүү үчүн берилчү уруксат кагазын алууда да кыйынчылыктар бар. Натыйжада, алардын көпчүлүгү шаардан-шаарга мыйзамсыз жолдор менен өтүү үчүн кошумча каражат сарптоого мажбур болушууда».

Роя гезити, №248, 2019-жыл, 21-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here