Сисий төңкөрүшүнөн бери үч миң туткун аял кыйноолорго жана акаараттоолорго дуушар болгон

302
0

Сисий төңкөрүшүнөн бери үч миң туткун аял кыйноолорго жана акаараттоолорго дуушар болгон

«Ал-Жазира» сайты хижрий 1440-жылы 2-зул-хижжа, миладий 2019-жылы 3-август күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Адам укуктары боюнча жаңы уюм мисирлик аялдарга карата жасалган зомбулуктар жөнүндө «Биз тактайбыз» деген документ даярдады. Бул зомбулуктар каза болгон президент Мухаммад Мурсий бийлигине каршы 2013-жылы 3-июлда жасалган төңкөрүштөн тартып ушул жылдын 31-июнуна чейин жасалган.

Өзүн эл аралык адам укуктарынын коргоочусу катары көрсөткөн бул уюм маалымат топтоп, курмандар, активисттер жана жарандык уюмдардын көмөгүндө документтерди жарыялады. Уюмдун иликтөөсү боюнча, ушул убакыт ичинде «2762 аял камалган, алардын 125и дагы эле камакта кармалып турат, 396 аялды Мисир режими дым дарексиз жок кылган, дагы 15инин ушундай тагдырга туш болушунун коркунучу бар».

Мыйзамсыз өлтүрүүгө келсек, документте 312 аял ушундай абалда өлүрүлгөнү айтылган. Алар атайылап өлтүрүлгөн, же демонстранттарга карата ок атылганда, же болбосо аба чабуулунда, же Түндүк Синай вилаятындагы кыргында каза болушкан.

Уюмдун документинде, Мисир университеттеринде иштеген мугалимдердин бешөөсү иштен айдалганы, студент кыздардын 530у окуудан чыгарылганы белгиленген.

Документке ылайык, Мисир режими аялдарга карата зомбулук жана өч алуунун дагы бир ыкмасын ойлоп тапкан. Бул ондогон аялдардын каражатын мыйзамсыз, административдик түрдө кармап калуу жана жүздөн ашуун кыздардын мал-мүлкүн конфискация кылуу, айрымдарынын туугандарына бийлик тараптан басым өткөрүү сыяктуу ыкмалар. Мындай ыкма менен өч алуунун себеби бул аялдар массалык иш-чараларга катышканы болду.

Документте көрсөтүлгөн мыйзамбузуулардан дагы бири: 160 аял чет өлкөгө чыгууга мыйзамсыз түрдө чек коюлган. Бул чектөөгө да алар массалык иш-чараларда катышканы же саясий позициялар себептүү издөөгө алынган адамдардын үй-бүлөлөрүнө таандык болушканы себеп болгон.

Роя гезити, №248, 2019-жыл, 21-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here