Кытай Россия менен биргеликте Венесуэланы коргоого даяр

295
0

Кытай Россия менен биргеликте Венесуэланы коргоого даяр

Кытай тышкы иштер министринин орунбасары Чжан Ханьхуэй, Си Цзиньпиндин Россияга сапарынын алдында Кытай Россия менен бирге Венесуэланы коргоого даяр экендигин маалымдады. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

“Венесуэла маселесине келсек, Кытай менен Россиянын көз карашы жакын. Биз Венесуэла жаатында туруктуу алаканы сактап турабыз. Биз Венесуэланын ички иштерине тышкарыдан аралашууга каршыбыз. Кытай Венесуэла маселеси боюнча Россия менен көп кырдуу кызматташтыкты күчөтүүгө даяр ”, – деди Чжан Ханьхуэй

О.э. Кытай Россия менен биргеликте Венесуэлада эл аралык адилеттүүлүктү коргоого, БУУнун уставын, Венесуэланын суверенитетин о.э. аймакта тынчтык жана туруктуулукту коргоого даяр экендигин билдирди.

 Белгилүү болгондой, Венесуэлада 21-январь күнү оппозиция башчысы Хуан Гуаидо өзүн президент деп жарыялагандан кийин, өлкөдө массалык башаламандык башталган. АКШ жана бир катар Батыш мамлекеттери аны дароо таанышына карабастан, Венесуэла армиясы жана башка күчтөр аны колдошподу. Мадуронун сунушуна карабастан, Гуаидо Венесуэлада жалпы элдик референдум жарыя кылуудан баш тартты.

Россия, Кытай жана Түркия Венесуэланын мыйзамдуу президенти Мадурону колдоп-кубатташты. АКШ менен Англия өз аймагындагы Венесуэланын компанияларын жана өкмөттүк эсептерин тоңдуруп коюшту.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here