Жээнбековдун Индия жана Саудияга сапары башталды

294
0

Жээнбековдун Индия жана Саудияга сапары башталды

 Президент Сооронбай Жээнбеков 30-майда Индияга жөнөп кетти.

 Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Жээнбеков Нью-Дели шаарында Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурациясына катышат.

 31-майда Сооронбай Жээнбеков Саудиянын королу Салмон бин Абдул Азиз ал-Сауддун чакыруусу боюнча Саудияга барат. Кыргыз делегациясы Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун XIV саммитине катышат.

 Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинин кезектеги сессиясы уюм түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, “Келечек үчүн бирге” урааны астында өтөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here