Алжир козголоңдору акимдердин фитнасы менен мусулмандардын талабы ортосунда

21
0

Алжир козголоңдору акимдердин фитнасы менен мусулмандардын талабы ортосунда

Хамд Табиб

Алжир режими 1990-жылы шайлоолордо анын «Улуттук азаттык фронту» жеңилүүгө учураганда абдан жинденди. Режим ошондо «Ислам Куткаруу фронтунун» көзгө көрүнгөн жетекчилерин камакка алды жана шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бийликтеги партия басым кылганына жана шайлоо мыйзамдарын өзгөрткөнүнө карабастан, «Ислам Куткаруу фронту» 1991-жылы шайлоолорго катышып, жеңишке жетишти жана 232 орундун 188ин ээледи. Бийликтеги партия болсо 12 орунга гана ээ болду. Натыйжада, Батыш, өзгөчө Франция абдан жинденди, жада калса Франция президенти Франсуа Миттеран мындай билдирүү берди: «Эгер Алжир бийлигине фундаменталисттер келсе, Буш Панама иштерине аралашкандай биз да Алжир иштерине аскерий жактан аралашабыз». Кийин Алжир армиясы Батыш, өзгөчө Франция жардамында маселеге аралашты жана шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарды. «Ислам Куткаруу фронтуна» тыюу салып, мусулман даъватчыларга жана аларды колдогондорго каршы күрөш баштады. Режим бул күрөштө Батыш (Франция) куралдуу күчтөрүнүн жардамында мусулман активисттерди, өзгөчө «Ислам Куткаруу фронтун» колдоп-кубаттап жаткандарды өлтүрдү жана тазалоо иштерин алып барды. Режим бул зомбулук иштерди мусулман активисттерге шылтоолоду, акыйкатта болсо, адамдар мусулмандардын мындай иштер менен алектенбешин билишет эле. Алжир армиясындагы офицерлер режимдин кылмыштарын ачып таштаган окуялар да болду. Ал офицерлердин ичинде эң көзгө көрүнгөнү Хабиб Сувайдия, ал режимдин жырткычтыктарын камтыган «Ыплас согуш» деген китеп жазган.

Алжирде болобу же башка жайдабы, козголоңдорго каршы тил бириктирүү жана адаштыруу исламий дүйнөдө белгилүү жана маалым нерсе. Мисалы, өткөн кылымда Алжирде болуп өткөн азаттык козголоңдору исламий мүнөздө болгон. Алардын согуштук руху да исламий болуп, алар жихадга, шейиттикке, баскынчы кафирге каршы согушууга жана азат болууга умтулушкан. Алжир азат болгон соң, француз кафирлер өздөрүн козголоңчу катары көрсөткөн айрым жетекчилер менен бирге тил бириктиришип, элди алдашты, алар абалды өздүрүнүн пайдасына оодуруп, шейиттердин пакиза каны менен жетишилген натыйжаларды тартып алышты. Акыбетте, француздар Алжирде исламий шарияттын ордуна Батыш мыйзамдарын колдонууга жетишти.

Колонизатор бүгүн дагы абалды өзүнө оодуруп, колонизаторду жана ага байланыштуу партияларды четке кагып жаткан козголоңго каршы тил бириктирүүгө аракет кылып жатат. Өкмөт жана анын артындагы партиялардын иштерине назар салган адам алар саясий Исламды, ага чакырып жаткан жамааттарды жана аны колдоп-кубаттап жаткан калыс кишилерди жок кылуу үчүн ушул иштерди жасап жатканын көрөт:

  1. Мекенчилдикке чакырган кыймылдарды, өзгөчө бийликтеги партияларды маалымат каражаттары аркылуу тез-тез көрсөтүү. Ошол эле учурда, калыс исламий партияларга жана алардына жетекчилерине басым өткөрүү жана чектөө. Акыйкатта болсо, ушул адамдар исламий долбоорду көтөрүп чыгышкандыктан калктын колдоосуна ээ болушкан.
  2. Тунистеги «Нахза» партиясы сыяктуу эркиндик жана муътадилдикке чакырып жаткан исламий кыймылдарды тез-тез көрсөтүү. Максат, калыс исламий партияларга, даъватчыларга жана уламаларга басым өткөрүү.
  3. Саясий Ислам – терроризм, ал Алжирге кара күндөрдү алып келет, биз кара күндөргө дагы кайтууну каалабайбыз деп айыптоо. Максат, өзгөртүү темасын жабык чөйрөгө т.а. Батышка же бийликтеги партияга көз каранды илманий чөйрөгө чектөө.
  4. Алжирдеги коррупциянын чыныгы себептерин жашыруу жана адамдарды жаңы шайлоолорду өткөрүү менен адаштыруу. «Экстремист партияларды, саясий Исламды Батыш каалабайт» о.э. «Алар Алжирди эл аралык коомчулуктан алыстатат» деген шылтоо менен Исламды шайлоолорго жакындаштырбоо.
  5. Жаңы шайлоолорду өткөрүү оюну аркылуу айрым партияларды бийликке алып келүү жана убактылуу кызматташтык маселесин сунуштоо. Бул иш Мисирдеги сценарийден башкачараак ыкмада аткарылат. Армия жана анын башкаруусу кандай болсо, ошондой бойдон калат, бузгунчулуктун негизи өзгөрбөйт. Саясий абал туруктуу абалга келгенге чейин иш ушундай аланат, Тунисте болгон иштер буга жаркын мисал.

Сөзүбүздүн соңунда мындай дейбиз, Алжир, Мисир, Тунис же башкасында болобу, айырмасыз, чыныгы өзгөртүү пайдасыз акимдер менен кызматташуу аркылуу, аскерий күчтү коопсуздук жана саясатка өкүмдар кылуу аркылуу, илманий конституция аркылуу, шайлоолор аркылуу ишке ашпайт. Исламга негизделбеген ар кандай конституция залим жана бузгунчу болуп эсептелет.

Чыныгы өзгөрүү эң оболу бузгунчулуктун жана зулумдун себептерин, колонизатор орноткон саясий элитаны түп-тамыры менен кулатуу аркылуу ишке ашат. Чыныгы өзгөрүү адамдардын динин жана жашоо таризин жөнгө салган залим илманий конституцияга чекит коюу жана исламий конституцияны колдонуу аркылуу ишке ашат. Бул иш Уммат ичиндеги калыс кишилер менен бирге аракет кылууну, кафир Батышка сатылган саясий чөйрөнү жана малай күчтөрдү кулатууну талап кылат.

Биз калыс исламий минбар (Роя гезити) аркылуу Алжирдеги боордошторубузга мындай кайрылуу жолдойбуз: Эй Алжирдеги калкыбыз, кызматташтык болобу же башкасыбы, Исламдан башкасын кабыл албагыла. Саясий болобу, же маданийби, же аскерийби, башыңарда турган режим калышына ыраазы болбогула. Залим жана бузгунчу конституцияны жана андан келип чыккан шайлоо тарыйкатын өзгөртүү үчүн аракет кылгыла. Бул конституцияны 1991-жылы мусулмандарды жана саясий Исламды жок кылуу үчүн кабыл алынган. Калыс Аллах үчүн жана Исламды колдонуу үчүн аракет кылгыла. Башка өлкөлөрдө болуп жаткан козголоңдордон үлгү алгыла жана үйрөнгүлө. Анткени, Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун киши бир тешиктен эки ирет чактырбайт».

Биз Аллахтан Алжир жана бардык исламий өлкөлөрдөгү мусулмандарды бузгунчулук жана анын себептерин жок кылып, туура адилеттүү Ислам башкаруусу менен сыйлашын сурайбыз.

Роя гезити

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here