Түркия жана Иран режимдеринин Шам козголоңуна каршы тил бириктирүүсү

277
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Түркия жана Иран режимдеринин Шам козголоңуна каршы тил бириктирүүсү

«Русиял Явм» сайты хижрий 1440-жылы 11-шаъбан, миладий 2019-жылы 17-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Иран тышкы иштер министри Мухаммаджавад Зариф Тегеран Анкара-Дамаск ортосундагы мамилелерди кайра нормалдаштыруу үчүн аракет кылып жатканын баса белгиледи.

«Иран Түркия террорчу уюмдардан кооптонуп жатканын туура түшүнөт, Сирия армиясы бул кооптонууларга чекит коёт», – деди Мухаммаджавад түркиялык кесиптеши Мавлуд Чавушоглу менен Анкарада болуп өткөн жолугушууда».

Роя гезити:

Акын Мутанаббий айтат:

وليس يصح في الأذهان شيء * إذا احتاج النهار إلى دليل

«Күндүзгү күндүн бар экенине далил талап кылган адамда акыл жок».

Мубарек Шам козголоңу Исламга жана мусулмандарга жардам берип жатканын айткан мамлекеттерге ишенип-алданган кишилердин көзүн ачууда. Бүгүн караңгылык артынан аткан таң бардык нерсени ачык-айкын кылып койду жана ар кандай акыл жүргүзгөн киши Түркия менен Ирандын позициясын көрүп-билүүдө. Аллах Таала айтат:

إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي مَنْ هُوَ مُسْرِفٌ كَذَّابٌ

«Албетте Аллах чектен чыгуучу, жалганчы кимселерди хидаят кылбайт»  [40:28]

Ири кафир мамлекеттер Шам козголоңунун калкына каршы айла-амал кылып, козголоңдору кыйратууга урунушту, кылмышкер режимди кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта көөдөлөнгөн исламий башкарууну тикелөө максатынан адаштырууга аракет кылышты. Бул башкаруу Аллахтын каалоосунан жана күчүнөн баанек табуу менен тикеленет. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

وَمَا النَّصْرُ إِلاَّ مِنْ عِندِ اللّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

«Нусрат кудурет жана хикмат ээси болгон Аллахтан гана келет»  [3:126]

Батыш инсан түспөлүндөгү шайтандан турган бардык малайлары менен биргеликте Шам калкына жалган убадаларды беришти. Шам калкына берилген убадалар да кудум шайтан берген убадалар сыяктуу азгырыктан башка нерсеге алып барбайт. Аллах Таала айтат:

﴿يَعِدُهُمْ وَيُمَنِّيهِمْ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلاَّ غُرُوراً﴾

«(Шайтан) аларга убадаларды берет, аларды куру-кыялдарга салып коёт. Акыбетте, шайтан берген убадалар бүт бойдон жалган-азгырык болуп чыгат» [4:120]

О.э. алардын убадасы Аллахтын жалгыз арканын кармоодон чалгытууга каратылган болот, кудум ушул хадиси кудсийде Аллах айткандай:

«أنا أغْنى الشُّرَكاءِ عَنِ الشِّرْكِ، مَن عَمِلَ عَمَلاً أشْرَكَ فيه مَعِي غيرِي، تَرَكْتُهُ وشِرْكَهُ»

«Мен ширк келтирүүчүлөрдөн да, алардын ширкинен да тазамын. Кимде-ким бирер амал кылып, Мага бирөөнү шерик кылса, анда, Мен андан, анын ширкинен баш тартамын». (Муслим).

Мына, Түркия режими менен Шамдагы тогут режимдин алакаларын нормалдаштыруу үчүн Иран режими кудум ортомчулук ролун аткарып жатат. Биз «кудум» дедик. Анткени, түпкүлүгүндө Эрдаган Түркиясынын милдети – Американын Сириядагы колонизаторлук планыны ылайык Башар Асад режимине жардам берүү Алардын Башарга жана анын режимине каршы бардык билдирүүлөрү жалган. Бул курулай жалган сөздөр Шам калкын адаштырууга каратылган. Акын Мутанаббий айтат:

يعطيك من طرف اللسان حلاوةً * ويروغ منك كما يروغ الثعلب

«Ал бал сөздөрү менен сенин көңүлүңдү алат, бирок түлкү сымал аракет кылат».

Аллах акысы, биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, ар дайым Шам калкын эскертип келдик. Эрдаган режими аларга жана алардын козголоңдоруна каршы фитна уюштуруп жатканын ачыкка чыгардык. Эрдаган Шам калкынын мубарек козголоңун Сирия канкору Башар режимине сатып жок кылууга урунууда. Деги, Шам калкы ушул канкор режимден кутулуу үчүн малы-жанын курман кылган. Мына бүгүн Аллах Азза ва Жалланын фазилети менен, бул режимдердин айыптары ачылып, тил бириктирүүлөрү ар кандай акыл жүргүзгөн адамга ачык-айкын көрүнүп калды. Асманда жаркырап турган күндөй ачык-айкын болуп калган бул акыйкатты кожоюндарынын пландарын корлорчо аткарып жаткан айрым пайдачыл саткындар дагы эле четке кагышууда. Бирок, колонизатор кафирлер жана алардын малай акимдери каалашпаса да, Аллах Табарака ва Таала Өз нурун албетте ар тарапка толук жаят.

فَلاَ تَعْجَلْ عَلَيْهِمْ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمْ عَدًّا

«Ссен алар үстүндө шашкалактык кылбагын, шексиз Биз аларды анык эсеп-китеп кылып турабыз»                                                                                                                      [19:84]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here