Ливия: АКШ жана Британия малайларынын фитналары

376
0

Ливия: АКШ жана Британия малайларынын фитналары

 4-апрелде Ливия улуттук армиясынын башчысы Халифа Хафтар Ливиянын борбору Триполиге чабуул кылууга буйрук берип: “Триполини… согушкер жана террористтерден азат кылуунун убагы келди”, – деди. (“Al Hadath”, 2019-жыл, 4-апрель). Бүгүнкү күндө Хафтар армиясы Триполиге жакын жерде Улуттук биримдик өкмөтүнүн аскерлерине каршы согушууда. Буга чейин Хафтар Ливиянын түштүк аймактарын басып алган эле. Бул тирешүү Каззофий өлтүрүлгөндөн бери токтой элек. Себеби, Ливияда күрөшүп жаткан тараптардын артында тышкы күчтөр турат жана ал ач көздөрдүн “олжо талашуусу” бүтпөйт.

 Каззофий доорунда мамлекеттин саясий элитасы Британияга ыктап турат эле, себеби, Каззофий Британиянын малайы болгон. Ал кезде, АКШнын таасири дээрлик жокко эсе болчу. 2011-жылы Ливияда көтөрүлүш башталып, президент Каззофий өлтүрүлдү. Бирок, өлкөдө эски саясий элита өзгөрүүсүз калды. Ошол себептен улам, Ливия саясатында Британия өкүмдарлыгы сакталып турат. Европа, негизинен, Британия Ливияда тезирээк шайлоолорду өткөрүп, өзүнө баш ийген өкмөт жана парламент түзүүгө аракет кылды. 2015-жылы Европа БУУнун Коопсуздук кеңешинде Ливия маселесинин чечимин сунуштап, күчтүү басым өткөрө алганы себептүү АКШ бул саясий чечимге көнүүгө мажбур болду. Ошентип, 2015-жылы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук биримдик өкмөтү түзүлдү жана өкмөттүн башына учурдагы Европа малайы Фаяз ас-Сараж келди.

 АКШ Ливиядагы саясий жараяндарга жана чечимдерге каршы аракет кылып, алардын  алдын алууга же кечиктирүүгө аракет кылууда. Себеби, АКШ Ливиядагы саясий элита Британиянын “мүлкү” экенин жакшы түшүнөт. Ошол себептен ар кандай шайлоо британиячыл адамдардын өкмөткө келишине мүмкүнчүлүк түзөрүн билет. Ошондуктан да АКШ Ливияда өзүнө малай болгон саясий элита пайда кылууга умтулууда. Ал үчүн убакыт керек жана АКШга малай саясий элита пайда болгонго чейин саясий жараяндарга тоскоолдук кылуу зарыл. Ошол себептен, Америка саясий жараянга тоскоолдук кылуу үчүн аскерий аракеттерди тандады жана бул планды ишке ашырууну малайы Халифа Хатарга тапшырды.

 Халифа Хафтар жөнүндө айта кетсек, Муаммар Каззофий 1969-жылы өлкөдө аскерий төңкөрүш уюштуруп, бийликти колго алган учурда Хафтар аны менен бирге болгон. Хафтар өткөн кылымдын 80-жылдарындага Ливия-Чад согушуна катышкан. 1987-жылы Чаддын аскерлери Хафтар жана ал башчылык кылган Ливия аскерлерин туткунга алышкан. Кийин Америка ортомчулук кылды, ЦРУ болсо 1990-жылы Хафтарды азат кылуу боюнча Чад өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошентип, АКШ Хафтарды Америкага алып кетти жана ал чет өлкөдө Ливия оппозициялык кыймылына кошулду. Хафтар ошондон баштап 20 жыл Виржиния штатында жашады жана ЦРУнун көзөмөлү астында партизандык согуш ыкмаларын үйрөндү. 2011-жылы Ливияда көтөрүлүш башталганда Хафтар өлкөгө кайтып келип, Американын планын ишке ашырууга киришти. АКШ Хафтарга курал-жарак жагынан колдоо көрсөтүп турду. Натыйжада, ал Ливия түштүгүндө өкүмдарлык орнотуп Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөй баштады.

 Ошентип, өлкөнүн чыгышында Американын малайы Хафтар кзөмөлдөгөн парламент, ал эми өлкөнүн батышында болсо БУУ колдогон, эл аралык коомчулук тааныган европачыл Улуттук биримдик өкмөтү пайда болду.

 2018-жылдын 13-ноябрында Италиянын Палермо шаарында Ливия боюнча конференция болуп өтүп анда БУУнун Ливиядагы атайын өкүлү Гассон Салама 2019-жылдын жаз мезгилинде Ливияда шайлоо өткөрүүнү сунуштады, конференциянын катышуучулары бул демилгени колдошту.

 2019-жылдын март айында Коопсуздук Кеңешинин жыйынына видео-байланыш аркылуу катышкан БУУнун Ливиядагы атайын өкүлү Гассон Салама мындай деди: “14-апрелде Ливияда Жалпы улуттук конференция болуп өтөт, бул сегиз жыл мурда башталган өткөөл мезгил кризисин чечүү үчүн мүмкүнчүлүк. Мамлекетти жакынкы келечекте эмне күтүп турганы – туруктуулук же жаңжалдын уланышы ага (Жалпы улуттук конференцияга) байланыштуу… Эгерде ливиялыктар аталган конференция сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калышпаса, бул саясий кризис жана жаңжалдарды түшүндүрөт. Эртеби-кечпи кризис баары бир жаңжалга алып барат”.

 4-апрелде Хафтар Триполиге чабуул кылышын жарыя кылгандан кийин Гуттериш Бенгазиде Хафтар менен жолугушуп, 5-апрелде Твиттерде төмөнкүдөй билдирүү калтырды: “Мен жүрөгүм ооруп жана олуттуу кабатыр менен Ливиядан чыгып бара жатам.Мен Триполи жана анын айланасында кан төгүлүшүнүн алдын алуу үчүн дагы деле мүмкүнчүлүк бар деп үмүттөнөм”. БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттерриш Хафтардын чабуулун каралаган жок жана ушул аркылуу Хафтарды колдой тургандыгын көрсөттү.

 4-апрелде “Британия Коопсуздук Кеңешинен Ливия боюнча кезексиз жыйын өткөрүүнү талап кылды.. Жыйын 5-апрелде жабык эшиктер артында өткөрүлө турган болду”.(“AFP”, 2019-жыл, 5-апрель).

 6-апрелде БУУнун Ливия боюнча атайын өкүлү Гассон Салама, жаңжалга карабастан Жалпы улуттук конференция өз убагында өткөрүлүшүн билдирди. Гассон Салама мындай деди: “Биз Жалпы улуттук конференцияны уюштуруу үчүн бир жыл иштедик жана ушунча аткарылган саясий иштен дароо эле баш тартпайбыз… Биз мындай кооптуу убакта жана аскерий аракеттер уланып жатканда конференция өткөрүү кыйын маселе экенин билебиз. Бирок, биз аны өз убагында өткөрүүгө бекем турабыз”.(“VOA”, 2019-жыл, 6-апрель).

 Хафтардын Триполиге чабуул кылышы – Жалпы улуттук конференцияга тоскоолдук кылуунун жападан-жалгыз жолу болуп турат. 9-апрелде Гассон Салама Ливиядагы жаңжал себептүү Жалпы улуттук конференция башка мөөнөткө жылганын билдирди: “Биз тарыхий мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербестик үчүн этияттык менен аракет кылууга жана шашылбастыкка токтом кылдык… Биз конференцияны мүмкүн болушунча эртерээк өткөрүүгө аракет кылабыз”. (“ТАСС”, 2019-жыл, 9-апрель).

 Ливияда тышкы күчтөр: Америка менен Британия мына ушундай күрөшүүдө. Өкүнүчтүүсү, колонизаторлордун кызыкчылыгын камсыздаган бул согушта мусулмандардын каны төгүлүүдө, андан да жаманы, кафирдин кызыкчылыгы үчүн мусулман мусулманды өлтүрүүдө.

 Аллах Таала айтат:

وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ

Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт[11:113]

 Расулуллах саллоллаху алайхи ва саллам айтат:

«كلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ دَمُهُ وَمَالُهُ وَعِرْضُهُ»

“Мусулманга мусулмандын намысымалы жана каны арам.(Муслим).

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here