Путин менен Эрдоган экономикалык жана аскерий кызматташтык маселелерин талкуулашты

326
0

Путин менен Эрдоган экономикалык жана аскерий кызматташтык маселелерин талкуулашты

Россия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Эрдоган Кремлде сүйлөшүүдөрдү өткөрүштү.

Россия президенти Путин Түркияда “Аккую” атомдук электростанциясы курулушу мамлекеттин энергетика тармагындагы маанилүү долбоорлордун бири деп атады. Анын айтымында, АЭСтин биринчи блогун 2023-жылы, Түркия Республикасынын жүз жылдык юбилейинде ишке киргизүү пландаштырылган.

О.э. Путин “Түрк агымы” газ долбоорун ишке түшүрүүгө даярдык кандай болуп жатканына көңүлдү бурду. Анын билдиришинче, газ түтүгү үстүбүздөгү жылы ишке киришүүсү үчүн Түркиянын Кара Деңиз жээгиндеги терминалды куруп бүтүрүү керек.

Эрдоган болсо “Түрк агымы”нын кургактыктан өтүүчү бөлүгү ушул жылдын аягына чейин курулуп бүтөрүн билдирди. 

Россия жана Түркиянын президенттери газдын баасын да талкуулашты. Путин Анкара белгилүү бир бааны айтып жатканын, “Газпром” болсо газдын баасын базарга карап белгилешин билдирди.

Анын айтышынча, Россия Түркия базарын баалайт, ошондуктан бул жаатта орток чечим табылат.

 Мындан тышкары, президенттер аскерий кызматташтык масалелерин да талкуулашып, Путин аскерий тармактагы кызматташтыкты бекемдөө зарыл экендигин айтты.

 Путин: “Биринчи орунда С-400 “Триумф” зениттик ракета комплекстерин жеткирип берүү келишимин  ишке ашыруу жөнүндө сөз болууда”,- деди.

О.э. Түркияга аскерий жабдыктарды жеткирип берүү боюнча дагы башка долбоорлор бар экендигин белгиледи. Түркия президенти Эрдоган Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактап калуу зарыл экендигин айтып: “Биз Сирияда Россия менен кызматташтыкта иштеп жатабыз, террорчу элементтер бар экендиги себептүү ишибиз оор болууда. Сириянын аймактын бүтүндүгүн сактап калышыбыз өтө маанилүү. Кызматташтыгыбызды дал ушул багытта сактап калышыбыз керек”, – деди .

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here