“Намаз окусаң, гусул кылсаң террорист аталасын”

607
0

“Намаз окусаң, гусул кылсаң террорист  аталасын”

АКШ адам укуктары боюнча иликтөөнүн жылдык отчётун сунуштап, Кытайдагы уйгурлар маселесине көңүлдү бурду.

Американын жана адам укуктарын коргоочу уюмдардын иликтөөсү боюнча, Кытайдагы уйгурлар, айрыкча, мусулмандар массалык түрдө камакка алынууда.  Расмий Пекин бул сыяктуу иштерди тероризм коркучунун алдын алуу катары баалап жатат.

Омир Бекали – Кытайдын жараны, улуту казак. Ал бир топ убакыт мурда Кытайда кармалып, жаза мөөнөтүн өтөдү. Кийин ар түрдүү документтер аркылуу азаттыкка чыгып, Түркиядан башбаанек тапты.  Омир Бекали “Франс Пресс” маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кытай түрмөлөрүндөгү абалды сүрөттөп берген.

Ал: “Камакка алууга ар кандай шылтоо себеп болушу мүмкүн, учурда камакка алуу үчүн мусулман болгонуңдун өзү жетиштүү.  Сакал коюу, жаназа намазда дуба кылуу, бири-бириңе салам айтуу, жума намазын окуу сыяктуу иштер камакка алуу үчүн жетиштүү болот”, – деди.

БУУнун билдиришинче, Шинжаң автономиялуу облусунун калкы негизинен мусулмандардан турат жана бүгүнкү күндө Кытай өкмөтү тарабынан камакка алынгандардын саны көбөйгөн. Кытайдын кайра тарбиялоо лагерлеринде болжол менен бир миллиондой уйгур кармалууда.

Омир Бекали жети ай бою камакта жатып, андан соң кайра тарбиялоо лагерине жөнөтүлгөн. Ал камакта көргөндөрүн айтып берип: “Бир күнү мен алардын шартына көнбөдүм. Башкача айтканда, чочконун этин жебедим жана кытайча сүйлөбөдүм. .. Ал жерде ал тургай өз ишенимиң боюнча пикирлөөгө акың жок. Кытайча сүйлөп, кытайча пикирлешиң керек. Ал тургай, жүзүңдү жууп, гусул алууга да болбойт. Эгерде кол жууганыңды көрсө, “сен гусул кылдың, сен террористсин, сенин акыйдаң башка… “ деп жазалашат”, – деди.

“Түрк үй-бүлөсү” уюмунун башчысы Жезми Байрам “ Франс Пресс” агенттигине интервью берип: “Түркия бүт дүйнөнүн көңүлүн ушул маселеге бурушу керек. Биздин жетекчилерибиз Кытайга “эгерде Түркия менен мамилени бузбайм десең, уйгурлар проблемасын жөнгө сал, бул маселег чекит кой. Мындай лагерлер бош турушу керек, камактардагы бейкүнөө адамдарды эркиндикке чыгар” деп айтышы керек”, – деди.

А бирок, Кытай ага каратылган ар кандай каралоо негизсиз деп, кайра тарбиялоо лагерлери бар экендигин да четке кагып, бул тууралуу маалыматтарды каралап жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here