Путиндин Кыргызстанга сапарынан соң Орто Азиянын геосаясий мухити өзгөрүшү күтүлүүдө

373
0

Путиндин Кыргызстанга сапарынан соң Орто Азиянын геосаясий мухити өзгөрүшү күтүлүүдө

АКШ Афганистандан чыгып кетүү максатында “Талибан” менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө умтулууда. Өзбекстан да АКШнын максатын колдоп, “Талибан”дын өкүлдөрү менен бир нече жолугушууларды уюштурду. Мунун акысына Батыштын жетекчи күчтөрү, Дүйнөлүк банк жана АКШ тараптан каржылык жана экономикалык колдоолорго ээ болууда.

Өзбекстан тышкы саясатын жана башка алакаларын кеңири масштабда – Россиянын уруксатысыз, ал тургай кеңешисиз – өзү каалагандай өзгөртүп, өнүктүрүп бара жатканы, Россиянын ага карата мамилеси ар тараптан начарлап барышына себеп болууда.

Россия Кыргызстанды региондогу стратегиялык мамлекет кылып калыптандырууда. Туура, Кыргызстанда Россиянын, негизинен Кытай, АКШ жана Афганистанга каршы стратегиялык кызыкчылыгы жатат. Бирок, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанга карата мамилесинде да Кыргызстанды өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууга аракет кылат. Булардын бардыгы жалпы бир саясий алкак болуп, негизинен, мунун баары Афганистандан АКШ чыгып кеткен соң Россиянын ал регионго таасир өткөрүүгө умтулуп жаткан стратегиялык кызыкчылыгына байланыштуу.

Кыргызстан бийлиги Россия менен түзүлгөн бардык келишимдерге – мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, Россиянын басымынан кутулуу үчүн – кол койду. Кыргызстандын бул стратегиясы Өзбекстан жана Казакстан менен мамиленин бузулушуна алып барат. Себеби, алар Россия менен экономикалык жана башка мамилелери өнүкпөй, бир жерде туруп калгандыктан, эл аралык майдандагы башка ири мамлекеттер менен алаканы өнүктүрүп жатышат. Россия алардан – кандай болгон күндө да – өзү менен өнөктөш болуп турууну талап кылууда. Бирок, Россиянын ички жана тышкы саясатындагы кризиси анын өзүнүн гана кризиси болуп, башка мамлекеттерге тиешеси болушу туура эмес.

Өкүнүчтүүсү, Кыргызстан бийлигинин, жок эле дегенде, Россиянын чеңгелинен кутулууга аракет кылып коюуга да кайраты жетпей жатат. Натыйжада, Өзбекстан жана Казакстан менен эми гана оңолуп келе жаткан алакалар бузулуп, алар тараптан дагы бир катар экономикалык басымдарга дуушар болушубуз мүмкүн. Мындан тышкары, Россия менен Батыштын ортосундагы келишпестиктер Орто Азия мамлекеттеринде кагышып, Кыргызстан Россиянын кызыкчылыгы үчүн өз кызыкчылыктарына тескери аракеттерди кылып, кошуна мамлекеттер менен мамилени курчутуп бара бериши күтүлөт.

Учурда кыргыз бийлиги орган кызматкерлеринен диний жана улуттук жаңжалдарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кыла баштады. Негизи, региондо диний же улуттук жаңжалдар чыгуу коркунучу жок. Демек, Россия региондогу аскерий аралашуусун күчөтүү максатында, кыргыз өкмөтүнүн жардамында жасалма коркунуч пайда кылуу тактикасын колдонмокчу болууда. Россиянын Орто Азияга карата фитналарга толгон жол картасы толук ишке ашырыла элек.

 Өкүнүчтүүсү, Россия Кыргызстанды өзүнүн бул стратегиясы үчүн негизги аракет чекити кылып белгиледи. Ар қандай провокациялардан сак бололу боордоштор!

Абдураззак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here