АКШ Өзбекстанга Россияга караганда көбүрөө инвестиция жаткырат

253
0

АКШ Өзбекстанга Россияга караганда көбүрөө инвестиция жаткырат

АКШ инвестиция жана соода тармагында кызматташтык деңгээлин көтөрүү максатында үстүбүздөгү жылы дагы да көбүрөөк келишимдерди ишке ашыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстан-Америка бизнес-форумунда Америка-Өзбекстан соода палатасынын төрагасы Кэролин Лэммдин билдирүүсүнө таянып “Sputnik” кабарлады.

Ал: “Кечээ сенатор Сафоевден орустар менен көбүрөөк келишимдер түзүлгөндүгүн билдик. Биз инвестиция жана сооданын деңгээлин көтөрүү максатында дагы да көбүрөөк келишимдерди түзүшүбүз мүмкүн экендигин түшүндүк. Өзбекстан менен кол коюлган меморандумдар, бул башталышы гана, биз алдыга аракет кылып жатабыз”, – деди.

Кэролин Лемм быйылкы жыл өзгөчө болгондугун айтты жана Өзбекстан президенти тарабынан реформалар жаатында ишке ашырылып жаткан иш-аракеттерге жана АКШ соода палатасынын өкүлдөрү менен натыйжалуу жолугушуу өткөргөндүгүнө жогору баа берди.

Кэролин Лэмм: “Өзбекстан бизнести жакшыртуу максатында көптөгөн тоскоолдук жана басымдарды алып таштады. Оор милдет аткарылды. Бул бизде өтө чоң ишеним пайда кылат”, – деди.

О.э. Өзбекстан президентинин Америка соода палатасынын бардык мүчөлөрүн колдоо боюнча милдеттенмелери тууралуу айтып өттү.

1998-2017-жылдарда Өзбекстан экономикасына жаткырылган АКШ инвестиция жана кредиттеринин жалпы көлөмү 1 миллиард доллардан ашты.

Туркистон:

АКШ менен Россиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары Өзбекстанда кагышты.

Россия Өзбекстан режимин АЭС куруп берүү о.э. Россиянын ички базарларын Өзбекстан товарларына ачып берүүнү убада кылуу менен өзүнө тартмакчы болду. АКШ болсо чоң өлчөмдөгү кредиттер жана инвестицияларды алып кирүү менен Өзбекстанды өзүнө тартмакчы болууда. Өзбекстан бул эки чоң мамлекет ортосунда талашта калды. Бирок, Өзбекстанга сунушталып жаткан бул эки тараптуу кызыкчылыктар, негизи Өзбекстан коопсуздугу үчүн кооптуу абалдарга себеп болушу мүмкүн. Себеби, АКШ да, Россия да Өзбекстан менен экономикалык кызыкчылыктар үчүн гана алака орнотуп жаткан жок. Алардын ар биринин региондо өз кызыкчылыктары бар болуп, биринин кызыкчылыгы экинчисиникине туура келбейт. Бул болсо, Өзбекстанда эл аралык саясатка таасир өткөрүүчү мамлекеттер ортосундагы кагышуу күтүлүп жаткандыгын билдирет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here