Трамп: Биз ибн Салмансыз Израилди коргой албайбыз

282
0

Трамп: Биз ибн Салмансыз Израилди коргой албайбыз

АКШ президенти Дональд Трамп Мухаммад ибн Салманды мактап, “Израилди коргоо үчүн АКШнын андан башка эч кими жоктугун” ачык маалымдады.

“Вашингтон Пост” гезитине 20 мүнөттүк интервью берген АКШ президенти саудиялык журналист Жамал Кашыкчынын өлтүрүлүшүндө Ак үй админстрациясынан эч ким Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салманды айыптабастыгын билдирди. Трамп ибн Салманды “өлкөсүн берилгендик менен сүйө турган, өтө жакшы башкаруу жөндөмүнө ээ, күчтүү адам” деп сыпаттап, Саудия жетекчилигине анын ордуна башка лидер келишин абзел көрбөстүгүн билдирди.

Саудиянын АКШдан курал сатып алышын мактап, нефть баасы жана Ирандын «туңгуюкка» кептелип калгандыгын кошумчалаган Трамп, АКШ Израилди коргоо үчүн ибн Салман бийликте турушу керектигин айтты.

Трамп өзгөчө баса белгилеп: “Ал жерде Израилди коргой турган андан башка эч кимибиз жок!”, – деди.

О.э. Трамптын айтымында, эгерде АКШ Саудияга курал сатууну токтото турган болсо, мындан Кытай жана Россия көптөгөн кызыкчылыктарга ээ болот.

Журналисттин өлтүрүлүшү маселесинде Вашингтон админстрациясы Саудияга санкцияларды киргизиши же киргизбестиги жөнүндө берилген суроого Дональд Трамп “бул жаатта бир нерсе деп айтууга азырынча эртелик кылат” деп жооп берди.

Трамп интервью учурунда көбүнчө АКШ жана Саудия ортосундагы экономикалык мамилелерге (башкача айтканда, Саудиядан АКШга агып келүүчү миллиарддаган долларларга) жана ушул мамилелерде Салмандын ролу өтө жогору экендигине көңүлдү бурду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here