Трамп Брюсселде НАТОну дагы сынга алды

307
0

Трамп Брюсселде НАТОну дагы сынга алды

Бельгия борбору Брюсселде өткөн НАТО саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп дагы бир катар талаптарды койду. Трамп НАТОго мүчө мамлекеттердин көпчүлүгүн өз жоопкерчилигиндеги милдеттерди аткарбай жатат деп айыптады. Ал АКШ жалгыз өзү бул жүктү өз мойнуна албайт деп эске салып өттү. АКШ президенти катары НАТО жыйынына  биринчи жолу катышып жаткан Трамп президенттик милдетин баштабай жатып НАТОну “эскирген уюм” деп атаган болчу.

Трамп саммитте сүйлөгөн сөзүндө НАТОнун 28 мүчөсүнүн 23ү дагы эле коргоо жаатында зарыл болгон салымдарды кошпой жатканын билдирди. Трамп билдиришинче, альянска кирген мамлекеттер өз жоопкерчилигиндеги үлүштү сунуштабай жатканы АКШнын салык төлөөчүлөрүнө карата адилетсиздик болуп эсептелет. Трамптын бул сөздөрүн уккан мамлекет башчылары күлүп койгону жана өз ара кобурап жатышканы камераларга түшүп калган.

О.э. жыйында Трамптын эки талабы т.а. коргоо жаатына бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүү жана НАТОну ИШИМге каршы эл аралык коалицияга кошуу талабы ортого салынды.

Трамп жетекчилиги НАТО терроризмге (Исламга) жана ИШИМге каршы күрөштө дагы да көбүрөөк вазыйпаны аткарышы зарыл деп талап кылууда. Сирия жана Иракта ИШИМге каршы түзүлгөн эл аралык коалицияга кирген 68 мамлекеттин 28и НАТОго мүчө мамлекеттер. Алар НАТО уюму катары эмес, өзүлөрүнчө бул коалицияга кирген. Ага карабастан, Трамп НАТО уюм катары бул эл аралык коалицияга кириши керек деп талап коюуда.

АКШ Мамкатчысы Рекс Тиллерсон Вашингтон НАТОнун терроризмге (Исламга) жана ИШИМге каршы күрөшкө расмий түрдө кошулушун каалап жатканын баса белгиледи.

“НАТОго мүчө айрым мамлекеттер ИШИМге каршы күрөшкө дагы эле толук кошулушкан жок”, – деди Тилерсон.

Франc-Пресс маалымат агенттиги кабарлашынча, НАТО мамлекеттери шаршемби күнү терроризмге (Исламга) жана ИШИМге каршы эл аралык коалиция кошулуу үчүн расмий түрдө токтом кабыл алган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here