G7 мамлекеттери миграция себептерин жоюга келишип алышты

296
0

G7 мамлекеттери миграция себептерин жоюга келишип алышты

«РИА Новости» кабарлашынча, “Чоң жетилик” мүчөлөрү Италиянын Таормина шаарында өтүп жаткан саммитте мамлекеттердеги миграция проблемасын жоюга шарттарды жаратуу үчүн кызматташтык алакаларын орнотууга келишип алышты.

G7 мүчөлөрү баса белгилешинче, чоң көлөмдөгү миграция дүйнө трендине айланды, аны жөнгө салуу эл аралык жана улуттук деңгээлде шайкеш аракеттерди талап кылат.

“О.э. биз мыйзамдуу, тартиптүү жана коопсуз миграцияны камсыздоо үчүн мамлекеттер (адамдардын) агымдарын жөнгө салуу боюнча жоопкерчиликти бөлүштүрүшү зарылдыгын моюнга алабыз”, – делди саммитте.

“Жетилик” мамлекеттеринин башчылары мигранттарга жардам берүү зарылдыгын түшүнүү менен бирге мамлекеттер өз чегараларын көзөмөлдөөгө жана качкындарды кабыл алуу лимиттерин белгилөөгө укуктуу экенин тастыкташты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here