Мубарак рамазан айынын куттуктоосу

453
0
Мубарак рамазан айынын куттуктоосу
Бүткүл ааламдар Роббиси Аллахка хамду-саналар болсун. Ааламдар жол башчысы Мухаммад мустафага, ал кишинин үй-бүлөсүнө, улуу сахабаларына жана кыямат күнүнө чейин ал затка жакшылык менен ээрчиген адамдарга салату-саламдар болсун, амма баъд:
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Кадырлуу мусулмандар!
Биз, Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, силерди кирип келе жаткан улуу рамазан айы менен куттуктайбыз. Аллах Субханахудан баарыбызды ушул магфират жана жакшылыктар айы болгон рамазан айында тозоктон азат кылынган пенделерден кылышын, Лайлатул Кадрга жеткирип анын ажр-сообуна татыган момундардан кылышын сурайбыз.
Бул айдын улуулугуна далил катары Аллах Тааланын ушул сөзүн эске салабыз:
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنْ الْهُدَى وَالْفُرْقَانِ
«Аллах айтты: Адам перзентинин ар бир амалы өзү үчүн, орозо гана андай эмес. Себеби, ал Мен үчүн жана анын сыйлыгын Мен Өзүм беремин…».
Кийинки жылы Рамазан айына кимибиз күбө болобуз, кимибиз күбө болбойбуз, бул жалгыз Хак Таалага маалым. Ошондуктан, келгиле, ушул күндөрдө кирип келе жаткан Рамазандын урматына, бизди ага жеткиргени үчүн Аллах Таалага чексиз мактоо айталы, анын фазилеттерин кадырлап, саналуу күндөрүн канимет билели. Ажр-сооп үчүн гана орозо кармап, Аллахка жакын болуу үчүн ибадатта бололу, Куръан хатм кылалы, салих амалдарды көбөйтөлү. Салих амалдардын таажысы болгон амалдарды көбөйтөлү. Салих амалдардын таажысы – бул исламий даъватты жеткирүү. Бүгүн исламий даъватты жеткирүүдөгү эң негизги нерсе мусулмандарды тагдыр чечүүчү маселеге т.а. Аллах түшүргөн өкүмдөрдү кайрадан колдонууга чакыруу. Өкүмдөрдү колдонуу тарыйкаты – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык. Ошондуктан, Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайтарууга чакыруу – эң маанилүү нерсе. Ушул эң маанилүү амалды оболу жакын туугандарды даъват кылып баштайлы. Себеби, Аллах Таала:
وَأَنذِرْ عَشِيرَتَكَ الْأَقْرَبِينَ
«Жана жакын урук-туугандарыңды (Аллахтын азабынан) эскерткин!» [26:214]
деген. Эгер, мусулмандар азыркы учурда алардан талап кылынган фарздардын таажысы болгон Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышпаса, катуу күнөөкөр болушат.
Эй мусулмандар!
Бүгүн жер жүзүндөгү куфр күчтөрү Ислам жана мусулмандарга каршы биригишти. Алар Шам жериндеги Үммөт козголоңун токтотууга, Ислам менен жашоону талап кылып жаткан мусулмандарды куугунтуктоого, мусулмандарды Ислам менен жашоонун акыйкатын түшүнүүдөн чалгытууга, муътадил исламды зордоп кабыл алдырууга тил бириктиришти. Алар бул ыплас максаттарын ишке ашыруу үчүн бардык ыкмалардан пайдаланышууда, колдорунан келген бардык нерсени жасашууда. Эркектерибизди, аялдарыбызды, балдарыбызды жана карыяларыбызды айырмалап олтурбай баарын кыргын кылышууда, өлкөлөрүбүздү кыйратышууда… алардын кылмыштары эбегейсиз өтө көп.
Андыктан, эй Мавераннахр мусулмандары! Нусрат жана фатхтар айы болгон Рамазандан пайдаланып калалы, абалыбызды оңдоо үчүн катуу аракет кылалы. Себеби, аны оңдоо – биздин милдет. Аллах Таала айтат:
إِنَّ اللَّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ
«Аныгында бир коум өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт»
إِنْ تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ
«Эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат» [47:7]
Аллахым, ушул мубарак айыңды бизге барекелүү кылгын, бул айда бардык мазлумдарга, бечераларыбызга жардам бер, салих амалдарыбызга, өзгөчө, даъватыбызга Өзүң көмөкчү бол, таат-ибадаттарыбызды кабыл алып, дуаларыбызды ижабат кыл, колонизатор кафирлерди жана алардын жуундукорлорун жеңип чыгуубузга жана буйрулган фарздар таажысын жүзөгө чыгаруубузга Өзүң жардам бер. Бул, Сага таптакыр мүшкүл эмес.
Хизб ут-Тахрир 29-шаъбан, 1438-х.
Кыргызстан 26-май, 2017-м.
 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here