Бирөөлөр каалайбы же каалабайбы келечек Исламдыкы

292
0

Д. Файсал Касимге жөнөкөй жооп

Бирөөлөр каалайбы же каалабайбы келечек Исламдыкы

«Кудсул Арабий» гезити 2016-жыл, 1-январда өзүнүн электрондук сайтында доктор Файсал Касимдин «Халифалык кайтышын арзуу кылуучуларга жөнөкөй бир суроо»деген аталыштагы макаласын жарыя кылды. Анын суроосуна жөнөкөй жооп берүү үчүн төмөнкүлөрдү айтабыз:

Д. Касимдин «(реалист) болушубуз керек» деген  көз карашынан келип чыга турган болсок, демек Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын кайрадан тикеленишин «арзуу кылуучулар» аягы барып «Америка ковбойу» кылымы, заманы жана  мекенинен тышкарыда болуп калат.

Бул суроону Д. Касимден башка көпчүлүк ортого таштайт. Муну четке какпайбыз. Алар көз караштарында вакиълик кишендеринен туруп пикирлешет. Алардын акылы ушул вакиълик басымы астында калган. Ошондуктан, алар эң карамүртөз курал-жарактар менен тиш-тырмагына чейин куралданган жана  бүт дүйнөнүн экономикасына о.э. интернетке өкүмүн өткөрүп  жаткан «Америка ковбойуна» кул болуу кишендеринен кутулууну арзуу кылуудан да коркушат. Ал тургай, алардын назарында абадан дем алуу үчүн да америкалык «Том» акени ыраазы кылуу керек!

Бухарий Абу Абдуллах Хаббаб ибн Арат Gдан мындай дегенин риваят кылды: Биз Расулуллах A алдына арызданганы бардык. Ал киши Каъбанын көлөкөсүндө чапанын жаздык кылып сүйөнүп отурган экен. Биз: Биз үчүн нусрат сурабайсызбы? Биз үчүн дуба кылбайсызбы? – дедик. Ошондо Пайгамбарыбыз:

«قَدْ كَانَ مِنْ قَبْلِكُمْ يُؤْخَذُ الرَّجُلُ؛ فَيُحْفَرُ لَهُ فِي الْأَرْضِ، فَيُجْعَلُ فِيْهَا، ثُمَّ يُؤْتَى بِالْمِنْشَارِ فَيُوْضَعُ عَلَى رَأْسِهِ فَيُجْعَلُ نِصْفَيْنِ، وَيُمْشَطُبِأَمْشَاطِ الْحَدِيْدِ مَا دُوْنَ لَحْمِهِ وَعَظْمِهِ فَمَا يَصُدُّهُ ذَلِكَ عَنْ دِيْنِهِ. وَاللهِ لَيُتِمَّنَّ اللهُ هَذَا الْأَمْرَ حَتَّى يَسِيْرَ الرَّاكِبُ مِنْ صَنْعَاءَ إِلَى حَضْرَمَوْتَ، لا يَخَافُ إِلاَّ اللهَ وَالذِّئْبَ عَلَى غَنَمِهِ وَلَكِنَّكُمْ تَسْتَعْجِلُوْنَ»

«Силерден мурункуларда жер чуңкур казылып, ага бир адам башына чейин көмүлөр эле, кийин ара алып келинип, башынын ортосуна салынып, экиге бөлүп жиберилер эле. Ушул иш да аларды дининен кайтарбас эле. Темир тарактар менен эттен өтүп сөөк тарамыштарына чейин таралар эле. Бул да аларды дининен кайтара албас эле. Аллага касамки, албетте, бул иш толук-акырына жетет жана атчан Санъадан Хазрамавтка чейин жалгыз Алладан гана коркуп, же койлорун бөрү жеп кетишинен гана коркуп бара турган болот. Болгону, силер шашкалактык кылып жатасыңар», – деди.

Ооба ушундай, бул Садик, Масдук Пайгамбарыбыздын убадасы. Пайгамбарыбыз Aдын Сурака ибн Маликке берген убадасын эстеңиз. Сурака сыйлык алуу үмүтүндө Пайгамбарыбыздын артынан кууп жеткен эле. Себеби, Курайш ким Мухаммад Aды тирүүлөй кармап келсе, же өлтүрүп алып келсе, ага эң жакшы төөдөн жүз төө сыйлыкка берилиши жөнүндө жар салып урууларга жарыя кылган эле. Сурака ошол сыйлыкты алуу үмүтүндө Пайгамбарыбыз Aдын изине түштү.Ошондо Пайгамбарыбыз ага: «Эй Сурака, Кисронун тагынчактарын таккан учуруңда өзүңдү кандай сезээр экенсиң, кандай дейсиң?» – деди. Сурака: Мадаиндеги ак сарайдын ээси Кисро ибн Хурмуздунбу? – деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Ооба, Кисро ибн Хурмуздун», – деди. Акыйкатта болсо, Кисро ошол кезде өз доорундагы эң күчтүү падышалардын эң күчтүүсүнөн эле. Мына ушул убададан кийин күндөр өтүп, өлтүрүп мубарак канын төгүшмөкчү болгон, куугунтукталып, түн караңгылыгында жашынып Меккеден чыгып кеткен Пайгамбарыбыз Мухаммад A Меккеге саййид, фатих абалда, миңдеген жаркыраган кылычтар жана  найзалар курчоосунда кайтып келди. Дагы күндөр өтүп, мусулмандардын ишин башкаруу Умар Фаруктун колуна өттү. Умар Фарук Кисро падышалыгын жок кылды жана  мусулмандар олжолорду байтул малга алып келишти. Ошондо Умар Фарук Сурака ибн Маликти чакырып ага Кисронун көйнөгүн кийгизди, башына анын таажысын кийгизип, колуна анын тагынчактарын такты. Ошондон кийин Умар Суракага карап: Вах, Бану Мадлаждан болгон бир арабдын башында Кисронун таажысы жана  коулнда анын тагынчактары, – деди. Ооба ушундай, асман-жер жана  алардын арасындагы нерселер Аллах Субханахунун мүлкү. Аллах Субханаху бирер нерсени кааласа ага «бол» дейт жана ал нерсе дароо болот. Демек, Аллах Субханахуну Американын таажы-тактысы да, Россиянын таажы-тактысы да, дүйнө жүзүндөгү башка тогуттардын таажы-тактылары да алсыз калтыра албайт.

Биз үммөттөрдүн бири-бири менен кагышып турушу, алардын ортосунда күрөштөр болушу ааламдын мыйзам ченемдүүлүгү экенин билебиз. Себеби, акыйкат менен батыл ортосундагы күрөш Аллах жер жана  анын үстүндөгү нерселерди мурас кылып алганга чейин улана берет. Бул күрөш чабуулдар жана  чегинүүлөрдү баштан өткөрөт, аларда бийиктөө жана  төмөндөөлөр болот.

وَتِلْكَ الأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاس

«Бул күндөрдү (т.а. жеңүү жана  жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айландырып турабыз» [3:140]

Мисалы, тарыхта Ислам душмандары болгон монгол-татарлар Халифалыктын борбору Багдадды басып алышкан. Ошол эле убакта крестүүлөрдүн күчү Расул Aдын Исро жерин тебелеп-тепсеп, булгап жаткан эле. Үммөтүбүз тарыхындагы мына ушул кара баракка карабастан, Аллах Субханаху бул Үммөткө калыс кол башчыларды берди. Бул калыс кол башчылар мусулмандарды бириктирип аларды эки баскынчыны – крестүүлөр жана  монгол-татарларды – жанчып таштоого, баскынчылыкты жок кылууга баштады. Ал гана эмес, Аллах Субханаху бул Үммөткө султан Мухаммад Фатихти берди. Бул султанды Расулуллах Aдын:

«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ، فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا، وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»

«Албетте Константинополду фатх кыласыңар, анын амири кандай гана жакшы амир, мына ошол кошуун кандай гана жакшы кошуун», – деген башаратына татыктуу болуп ийгиликке жетүүсү үчүн майданга чыгарды. Ошондон кийин мусулмандар кошуундары фатхтарга аттанып, султан Сулайман доорунда Венага чейин жетип барышты. Эми эгерде Файсал Касим Расулуллах Aдын Рим фатх кылынышы туурасындагы башаратына (Расулуллах Aдан эки шаардын кайсы бири мурда фатх кылынат, Константинополбу же Римби деп суралганда Пайгамбарыбыз A:

«مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً»

«Иракли шаары (Константинопол) биринчи фатх кылынат» – деп жооп берген эле) күмөн менен карай турган болсо, биз Аллах Азза жана  Жалланын Өз динин үстөм кылуу туурасындагы убадасына катуу ишенебиз.

﴿يُرِيدُونَ لِيُطْفِؤُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَاللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ * هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

«Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо жаюучу. Ал (Аллах) Өз пайгамбарын хидаят жана  акыйкат дин менен – мейли мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат» [61:8-9]

Файсалдын Америка күчтүү деген даабасына келсек, бул дааба Хак Субханаху ва  Тааланын төмөнкү аятын эске түшүрөт:

مَثَلُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِن دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاء كَمَثَلِ الْعَنكَبُوتِ اتَّخَذَتْ بَيْتًا وَإِنَّ أَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنكَبُوتِ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

« Аллахтан өзгө «досторду» тутунган кишилер кудум (өзү үчүн) үй куруп алып(ошол үйүнөн жардам издеген) жөргөмүшкө окшойт. Албетте үйлөрдүн эң морту жөргөмүштүн уясы. Эгерде алар билишкенде, (жөргөмүштүн уясы сыяктуу алсыз буттардан жардам издебеген болушар эле)» [29:41]

Ооба ушундай, материалдык кубат акыйкаттын кубатына таянбай турган болсо ал жок болуп кетүүчү алсыз кубат. Мисалы, Кытай калкына апийим соодасын зомбулук менен жүктөгөн Британия болобу, же 2011-2014-жылдарда «өнүгүп бара жаткан» мамлекеттерге 156 миллиард доллар өлчөмүндө курал-жарак саткан Америка жана  Россия болобу, же Палестинада Батыш хазаратынын кылмыштарына далил болуп турган кылмыштардын бири яхудий вужуду болобу, эч айырмасыз, булардын бардыгы жок болуп кетүүчү алсыз кубаттар. Ошондуктан, Файсал Касим акыйкатты ажыратып алса жакшы болмок. Акыйкаттын акыйкаттыгына душмандардын өзү күбөлүк берүүдө. Мисалы, Американын мурдагы элчиси Дэн Симпсон өзүнүн Pittsburgh Post-Gazette гезитинде 2015-жыл, 30-декабрда жарыя кылган макаласында Америка дүйнөдөгү карамүртөздүктүн башы экендигин, өлүм соодасы болгон курал-жарак соодасы токтотулбаса дүйнө жүзүндө эч качан тынчтык болбостугун моюнга алган.

Британиялык белгилүү тарыхчы Арнольд Тойнби болсо өзүнүн «цивилизация талкуу астында» деген аталыштагы китебинде Батыш хазараты көздү азгыруучу ушунча материалдык утуштарга жетишкенине карабастан, бул хазарат акыры төмөндүк жана  жок болуп кетүүгө дуушар болорунан эскертти. Себеби, Батыш хазараты бекем диний акыйда негиздерине таянбайт, – деп жазат Тойнби. Ал Ислам улуулугун унуткан өз улутун – кулашы анык болгон өз хазаратынын алдамчы технологиялык өнүгүүсүнө сыймыктануу менен – алданып калуудан эскерткен (85-86-бет). Ал өз улутун мындан мурда өткөн улуттар жана  бир аз өкүм сүрүп, андан кийин жок болуп кеткен хазараттар тагдырынан сабак алууга чакырды (84-бет). Автор муну менен эле чектелбестен, өз улутун жакынкы келечекте жетекчилик тизгинин өз колуна ала турган исламий хазаратты үйрөнүүгө да чакырган. Ал Исламий Үммөт убактылуу уктап жатышына карабастан, өзүнүн Батыш хазараты үстүнөн болгон жеңишин дагы кайрадан кайталоого даяр тургандыгын баян кылат. Исламий Үммөт Шам жана  Мисирди миң жылга созулган гректер өкүмдарлыгынан азат кылууда кандай жеңишке жетишкен болсо, бүгүн да кудум ошондой жеңишке жетишет. Бул Үммөт Нуриддин Зангий, Салахиддин жана  мамлүктөр командачылыгы астында крестүүлөр жана  монгол-татарлар баскынын жанчып таштоого да жетишкен, – деп жазат Тойнби (187-бет). Бул эле эмес, Тойнби дүйнөлүк хазарат борбору Багдаддан башталып Фергана өрөөнүнө чейин созулган «көпүрө»дө болушун да башарат кылат.

Эми тойота автомашиналары жана  Америка доллары жөнүндө айта турган болсок: Эй Файсал, сен бул арзыбаган, майда-чүйдө нерселерди кой. Себеби, Исламий Үммөт байлыктар жана  адамдык мүмкүнчүлүктөрдөн ушундай нерсеге ээ болуп, булар ага адамзат жетекчилигин ээлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок, Исламий Үммөт бул деңгээлди колонизатордук негизинде эмес, тескерисинче акыйкат жана  адилеттүүлүк негизиндеги Ислам рисалаты менен ээлейт. Анткени, Исламий Үммөт адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт. Ал Аллахтын арканын бекем кармаган соң ушундай үммөт болуп калат. Ислам болсо

لاَ إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ

«Динге зордоп (киргизүү) жок» [2:256]

түшүнүгү негизине курулган болуп, Ислам ядролук бомбалар, химиялык куралдар жана  жардыруучу бочкалар менен эмес, тескерисинче акыйкаттын күчү жана  канааттандыруу менен гана жайылат. Ошондуктан, эгерде Батыш коркунучу вакиъсин талкуулашууну, Үммөттү ойготуу үчүн жана  адамзатты Батыштын кылмыштарынан, зулумунан о.э. баскынчылыгынан куткаруу үчүн Батышка каршы күрөшүү жолун талкуулашууну кааласаң биз муну сен каалаган ар кандай жер жана  заманда алкыштайбыз.

 

Усман Баххаш

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн 0hizb-340x264-300x233төрагасы

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

Уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here