РОССИЯДА МУСУЛМАНДАРГА БАСЫМ ӨТКӨРҮҮЛӨР УЛАНУУДА

273
0

Хизбут-Тахрир – Россия маалымат бөлүмү камактардан чыккан Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрүнөн турган жигит-кыздардын катышуусунда бир репортаж даярдады.

Репортажда Аллахтын сөзүн бийик кылуу үчүн иш-аракет алып барып жаткан бардык мусулмандарга, айрыкча, Хизбут-Тахрир жамаатынын мүчөлөрүнө карата Россия өкмөтү тараптан ишке ашырылып жаткан террордук аракеттер ачыкталды.

О.э. репортажда – мусулмандар эч бир материалдык аракетке аралашпай жаткан болсо да – түрмөлөрдө ишке ашырылган кыйноолор аркылуу материалдык иш-аракет алып баргандыгын моюнга алууга мажбур кылынгандыктары баяндалган бир нече интервьюлар да орун алган.

Андан кийин Башкириянын борбору Уфа шаарындагы Хамза мечитинин алдында Жума намазын окуп чыккан мусулмандарга, Аллахтын сөзүн бийик кылуу үчүн иш-аракет алып барып жаткан бардык мусулмандарга, айрыкча, Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрүнө каратылган Россия өкмөтүнүн террорун ашкере кылуу максатында баянат берилди.

Баянат берилиши башталары менен коопсуздук күчтөрү дароо ал жерге келип, мусулмандарга тоскоолдук кыла баштады. А бирок, мусулмандар алардын каршылыктарына көӊүл бурбастан баянатты аягына чейин угушту жана натыйжада коопсуздук күчтөрү тарабынан камакка алынышты.

Туркистон:

Аллах боордошторубуздун көрсөтүп жаткан сабырына, жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон ачык даъват алып барган сахаба р.а.ларга берген даражаларды берсин. Амиин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here