Москва полициясы ыктыярчылар жана жеке менчик коргоо түзүмдөрү менен кызматташтыкта мыйзамсыз иш-аракет жана кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн жума күндөрү кошумча рейддерди өткөрүшү о.э. күчөтүлгөн режимде күзөтчүлүк кылышы керек. Полициячылар мыйзамсыз эмгек мигранттары турушу мүмкүн болгон жерлерди текшерет, уурулук жана баскынчылыкка каршы күрөштү күчөтүүгө аракет кылышат. Бул тууралуу мерияда болуп өткөн жыйында ИИМдин Москва областык башкармалыгынын башчысы Анатолий Якунин айтты.
“Жума күндөрү шаарда “Сигнал” деген аталышта профилактикалык иш-чара өткөрүү тууралуу токтом кабыл алынды. Бул иш-чарага ИИМ башкы башкармалыгынын бардык курамы; аймактык бөлүмдөрдөгү бардык кызматкерлер, ыктыярчы элдик дружиналар, жеке менчик коргоо уюмдары жана башка укук коргоо тармагындагы коомдук уюмдар тартылат”, – деди Якунин.
Анын сөздөрүнө ылайык, бул текшерүүлөр маалында шаар көчөлөрүндө адаттагыга караганда көбүрөөк полициячылар болот, мигранттар жашашы мүмкүн болгон үйлөр текшерилет.
О.э. жылдын аягына чейин шаардагы бардык мыйзамсыз ижарага берилген үйлөр аныкталышы зарыл экендигин баса белгилеп өттү.
“Кечээ биз дүйшөмбүдөн баштап жылдын соӊуна чейин, “Участкалык инспектор – ар бир үйгө” иш-чарасын өткөрүү туурасында токтом кабыл алдык. Мыйзамды бузуп ижарага берилген үйлөр аныкталат. Мага бардык жергиликтүү башкармалыктардын башчылары берген отчёт боюнча, бул иш-чараны аяктоо үчүн керек болуучу эӊ узак мөөнөт – үч ай. Иштерди жылдын акырына чейин улантабыз, бардык турак жайларды текшерүүдөн өткөрөбүз”, – деди Москва полициясынын башчысы.
О.э. Москва мэри да, бүгүнкү күндө шаар боюнча 130 миӊге жакын үй мыйзамсыз ижарага берилип жаткандыгын айтып өттү.
Туркистон:
Россия өкмөтү ишке ашырып жаткан бул иштерин миграцияны тартипке келтирүү менен актап жаткан болсо да, бирок, алардын негизги максаты, коомчулуктун арасында мусулмандар көбөйүп кетишинин алдын алуу болуп эсептелет.
Ошондуктан да мындай рейддерди жума күнү т.а. мусулмандар үчүн мубарак болгон жума күнү өткөрүүнү пландаштырууда.
Кудайсыз коммунисттердин тарбиясын алган, динге жана өзгөчө Исламга карата душмандыгы күчтүү болгон Путин башчылыгындагы Россия өкмөтү Ислам динине каршы ачык күрөштү баштады. Ислам дининин коомдо жайылышына жол койбостук үчүн о.э. башка адамдардын дилине коркунуч салуу үчүн өзүнүн табияты боюнча “аюуча саясат” жүргүзүп, даъватты көтөрүп чыгып жаткандарды жок кылуу жолуна өттү. Гаппаев Абдуллахтын жакында эле күч органдары тарабынан атып өлтүрүлгөндүгү буга ачык далил болот.
Эгерде орус өкмөтү чындыгында эле миграцияны тартипке келтирүүнү каалаганда эле, мигранттардын иштөөгө уруксат алышына, тизмеден өтүшүнө о.э. алардын коопсуздугун камсыздоого көӊүл бурат эле. Себеби, негизинен Орто Азия республикаларынан барып жаткан эмгек мигрнттары, жергиликтүү эл эч качан мындай акы үчүн кылбай турган эӊ оор иштерди аткарышат. Эгерде мына ошол мигранттар болбосо Россия өз мусорун тазалап алууга да кудуреттүү болбойт.