СИРИЯДА КАЙРАДАН ХИМИЯЛЫК ЧАБУУЛ

281
0

Сириянын залим режимине каршы күрөшүп жаткан тараптардын активисттери жырткыч Башар Асад аскерлери 20-августта кайрадан карапайым калкка карата химиялык чабуул жасаганын айтып чыгышты. Айтымда, андан бери эле дегенде 635 адам набыт болгон.

Мурун Reuters ошол сириялык активисттердин маалыматына ылайык, Башар Асаддын химиялык курал колдонгондугун жана андан кеминде 213 өлүмгө учурагандыгы кабарын таркаткан. Информагентство курмандыктардын саны тууралуу маалыматты Дума шаарындагы медборбордун мээрман айымы Байян Бакерден алган.

Сириялык укук коргоочу уюм Syrian Observatory for Human Rights да 20-августтагы бомбалоо жана анын курмандыктары жөнүндөгү кабарларды тастыктап жазып чыкты.

“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” демекчи, сирия бийлиги мунун баарын жокко чыгарууда. Бул бийлик мурунку чабуулдарды да моюнга алган эмес. О.э. “Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” дегендей, ал кайра химиялык чабуулду козголоңчулар уюштургандыгын айтып чыккан.

Химиялык курал колдонулгандыгы жөнүндөгү кабарды тактоо үчүн жиберилген БУУ инспекторлору Дамаскка 18 августта келип түшкөн.

Бу Үммөт качанга чейин “койлорун бөрү жана чөөлөргө кайтартып” жүрө берет?..

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here