КҮРДДӨР “ТҮРКИЯ АЛЬ-КОИДАНЫ СИРИЯ АЙМАКТАРЫНДАГЫ ЧАБУУЛДАРДА КОЛДОП ЖАТАТ” ДЕП ИШЕНЕТ

350
0

Курдистан Демократиялык партиясынын ЕСтеги өкүлү Хасан Мухаммад Али RT телеканалына Сириядагы абал боюнча интервью берди.

Анын пикиринде, айрым өлкөлөр, айрыкча Түркия, Сириядагы күрддөр аймактарында орун алган абалга абдан нааразы. Ошондуктан алар «Аль-Коида», «Жабхат-ун-Нусра», «Ирак жана Ливанта Ислам мамлекети» сыяктуу уюмдарды колдоп, алардын күрд айылдарын артиллериядан аткылоосуна жардам берүүдө.

«Сирия оппозициясындагы ар бир тайпа кайсы бир башка мамлекетке же эл аралык күчкө байланган. А алар болсо абалды өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатышат. Менин оюмча, Сирия проблемасы женева конференциясында чечилиши керек», – дейт Хасан Мухаммад Али.

Бу адамдарга эмне болгон өзү… Сирия тайпаларын “эл аралык күчтөргө байланган” деп айыптап жаткан адам кайра эле өзү “женева конференцияларына” байланып калып жатат.

Үммөттүн кыйроосу да ушунда жатат: күрд-түрк деп бөлүнөт, Сирия-Түркия деп бөлүнөт, сунний-шиа деп бөлүнөт, жада калса, пропозиция-оппозиция болуп бөлүнөт. Мындай бөлүнүүлөрдү болсо кафир Батыш жасалма түрдө жасаган. Үммөт болсо ушул проблемалардан келип чыккан проблемаларды чечиш үчүн, кайрадан кафир Батыш конференцияларына үмүт артат…

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here