Халифалык дүйнөнүн негизги күн тартибине айланып барууда

361
0

Халифалык дүйнөнүн негизги күн тартибине айланып барууда

Бүгүнкү күнгө келип, Халифалык мамлекетин тикелөө бүткүл дүйнөнүн негизги күн тартибине айланып барууда. Хизб ут-Тахрир-Индонезия 2-декабрь күнү Жакартада халифалыкты талап кылып, демонстрация өткөрдү. Анда болжолдуу 2 миллион мусулман катышты.

Үммөттүн ойгонушу Индонезияда көрүнө баштады. Исламий үммөт биримдикте бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Халифалыкты кайта тикелөөнү талап кылып чыгышты. Хизб ут-Тахрир-Индонезия жана бардык мусулмандар “Ла илаха илаАллах Мухаммадур расулуллах” деп жазылган “Тавхид” байрагы менен аянтты толтуруп, Такбирлер, Хамду саналар жана Салаваттар менен демонстрацияда катышышты.

Мусулмандардын мындай биримдиги “адамзат үчүн чыгарылган жакшы үммөт” сыпатын жана Исламдын үстөмдүгүн бүткүл дүйнөгө кайрадан уктуруп коюуш үчүн ачык жана даңктуу чакырык болуп калды.

Эскерте кетсек, мындан алдын Индонезия өкмөтү Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин майдаланып кеткен мамлекетчелерди кайра бир мамлекет астында бириктирүү үчүн тынымсыз аракет алып бараткан Хизб ут-Тахрир жамаатынын аракетине мамлекетте тыюу салып койгон эле. Буга Хизбдин ураандары Индонезиянын идеологиясына жана илманий-демократиялык түзүмгө каршылыгы себеп кылып көрсөтүлгөн.

Индонезиянын мамлекетте Хизб ут-Тахрирге тыюуу салуу чечими мусулмандардын катуу нааразылыктарына себеп болду. Чечим кабыл алынышы артынан көпчүлүк аалымдар, интеллигенттер, саясатчылар, бизнесмендер, дарыгерлер, экс аскерийлер, университет проффессорлорунан турган он миңдеген мусулмандар мамлекетке каршы нааразылык митингин өткөрүшкөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here