Экс-муфтий Жалилов экинчи жолу суракка чакырылды

266
0

Экс-муфтий Жалилов экинчи жолу суракка чакырылды

Бишкек шаардык милициясы мурдагы муфтий Чубак Жалиловду бүгүн дагы суракка чакырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

– Чубак Жалиловго чакыруу Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүсү Октябрь Макенбаевдин атынан келген. Алар Жалиловду буга чейинки экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу чакырышкан. Тергөөчүлөр экс-муфтийден “экинчи аял алдым деген маалымат жалган деп айтып кой” деп талап кылып жатышат, – деди Токталиев.

Жалилов 3-декабрь күнү да Бишкек шаарынын тергөөчүлөрү тарабынан суракка алынган. Токталиевдин айтымында, экс-муфтий алты саат суракка алынган, бирок милиция аны эки саат гана сураганын билдирүүдө.

Чубак ажы Жалилов өткөн жумада экинчи аял алганы тууралуу видео тараткан.Ал: “Мен үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга анын укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм”, деп жарыялаган.

Анын бул айткандарына Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар реакция жасап, укуктук баа берүүнү талап кылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. (ErN)

“Азаттык” радиосунун жогоруда таркаткан макаласына караганда, милиция Чубак Жалиловду экинчи жолу суракка чакырып тергөө кылган. Буга чеин, адам укуктары коргоочусу делген Азиза Абдирасулованын Чубак ажынын билдирүүсү үстүнөн прокуратурага берген арызына жооп берип, орган кызматкерлери Чубак ажынын билдирүүсүндө эч кандай кылмыштык элементтер жок экен деп расмий жооп берген эле. Арадан бир нече күн өтүп алар Чубак ажы чоң кылмышкер болгонсуп үйүнө куралданган топ менен кирип келип суракка алып кетишкен. Аны 6 саат мыйзамсыз тергөө кылышканы туурасында, анын адвокаты Акин Токталиев маалымат каражаттарына маалымдаган. Токталиевдин айтышынча, орган кызматкерлери мамилелерин алеки заматта өзгөрткөндөрүн жана мындай кескин мамилеге өткөндүктөрүн, жогорудан буйрук берилгени менен түшүндүрүшкөн. 4-декабр күнү “sputnik.kg”- Бишкек ШИИБине Чубак Жалилов “мен ал аялды сүйгөнүм дегенмин. Анткени ал менен жарандык да, расмий да никеде болгон эмесмин. Менин бир гана аялым бар” деп көрсөтмө бергени туурасында маалымат таркатты.

Чубак ажы өкмөт адамы. Ал жада калса азыр аны мыйзам менен жоопко тартмакчы болуп турган парламентти шарияттагы шуро межлисине окшоштуруп, ага шарий түс бермекчи болгон. Парламенттеги партиялардын дээрлик бардыгына шайлоо учурунда дуа бергенин өзү жарыя кылган. Калаберсе, азыркы президентти шайлоодо ачык колдошун билдирип чыккан. Көп аял алуу маселеси Чубак ажынын жеке көйгөйүнөн улам келип чыккан жок. Көп аялдуулук, коомдун социалдык турмушта Ислам идеологиясынын чечимдерин ала баштагындыгы, Батыштын куфр идеологиясына тескери келип жаткандыгынан улам пайда болууда. Бул маселеге батышпараст күчтөр  кескин мамиле билдирип, чоң көйгөгө айландырып жатышат.

Т.а. маселе адамдар өз ара эркек-аялдык алакаларынан келип чыгып жаткан көйгөйлөрүнө батыштын никесиз ойноштук кылуу чечимин четке кагып жаткандыгында. Анын ордуна мыйзамсыз болсо да шарий нике жолу менен бир нече аялдар менен турмуш курууну тандаганында. Ошон үчүн алар Чубак ажыны шарият жолу менен үйлөнгөн алакасын жокко чыгарып, аны болгону сүйгөнүм деген көрсөтмө берип жанын сактап калууга үндөшүүдө. Чубак ажы бул сөзү же көрсөтмөсү менен шаръан нике сакталып кала берет деген позициядан туруп орган кызматкерлери менен келишип, өздөрүнчө шарий хийла кылып абалдан чыгып кетиши мүмкүн. Бирок Чубак ажы билип же билбей исламий баалулукту коомго абдан жогорку деңгээлде көтөрүп чыккан эле. Эми бул исламий баалулукту бийик кылып, сыноолорго сабыр кылып туруп бериши калды! Инша Аллах бул бурадар өзүнүн исламий позициясында бекем туруп, коомубуздагы бул шаръий чечимди урфка айланышына чоң салым кошуп сообун алат деп үмүт кылабыз! Бирок, бул көп аялдуулук иши кайсы тарапка жана кандай жол менен чечилген күндө да, бул исламий аял-эркек көйгөйүнүн чечими деп ыйман келтиргенбиз. Куфр бизди ар кандай шариятка тескери мыйзамдар менен тизгиндөө жана зынага багыттандырууга аракет кылбасын, биз Ислам жана анын илахий баалулуктарын жашообузда негиз кылып бара беребиз инша Аллах!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here