АКШ жана Түштүк Корея кең көлөмдүү аскердик машыгууларды баштады

264
0

АКШ жана Түштүк Корея кең көлөмдүү аскердик машыгууларды баштады

  АКШ жана Түштүк Корея КЭДРда өткөрүлгөн акыркы ракета сыноолорунан кийин, дүйшөмбү күндөн Vigilant ACE деп аталуучу аскердик машыгууларды баштоодо, деп кабар берди “Sputnik” сайты.

 Түштүк Корея ММКларда айтылып жаткан маалыматтарда негизинен 230 учак, алардын 6 данасы Американын F-22 көрүнбөй-кыруучу учактары. Бул машыгуулар тарыхтагы эң ири  машыгуулардан болушу күтүлүүдө.

 Түштүк Корея коргоо министрлиги ушул машыгуулар Сеул жана Вашингтондун каалосу, о.э, “Түндүк Кореянын провокацияларына” карата жооп кайтара алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө каратылган, деди.

 Кабарларга ылайык, Түндүк Корея 29-ноябрь күнү “Хвасон-15” ракетасын сыноодон өткөздү. Ал 13 миң километр алыстыктагы бутаны анык уруп түшүп, АКШ аймагын да толук капташы мүмкүндүгү айтылды.

 Түштүк Корея коргоо министрлиги “Кукпан ильбо”да маалымдашынча, парламентте өткөн уктуруулар учурунда аскерийлер тарабынан баянаттар берилди. Ага ылайык, 8-декабрь күнү бүтө турган маневрлар алкагында Американын F-22 жана F-35A кыруучу учактары катышкан. Мында Түндүк Кореянын ракетаны учура турган аракетке келүүчү жабдыктарын жок кылуу, душман тараптын алыс аралыкты бутага алуучу артиллериясын жок кылуу о.э. душман тараптагы аймактарга десантчыларды таштоо машыгуулары алып барылды.

 Ренхап маалыматтарына карай, Vigilant ACE аскердик машыгуулары АКШ аскердик аба күчтөрүнүн B-1B “Лансер” бомбалоочу, алты дана EA-18 “Гроулер” учактары, онго жакын F-15C кыруучулары жана ошончо санда F-16 учактары катышуусунда өткөзүлдү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here