АКШ: Түркияга биз келтирип жаткан пайданы Иран менен Россия келтире албайт

369
0

АКШ: Түркияга биз келтирип жаткан пайданы Иран менен Россия келтире албайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон “Уилсон” борборунда болуп өткөн  “АКШ жана Европа: Батыш союздарын бекемдөө” аттуу жыйындагы сүйлөгөн сөзүндө, Түркияны НАТО союздаштарынын жалпы коргоосуна олуттуу маани берүүгө чакырды. Тиллерсондун баса белгилешинче, Түркия АКШнын НАТОдогу маанилүү союздашы.

“Биз НАТОдогу союздашыбыз катарында Түркиядан союздун жалпы коргоосун жогору баалашын каалайбыз. Батыш коомчулугу Түрк коомчулугуна сунуштай турган экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды Иран жана Россия сунуштай албайт”, деди АКШ катчысы.

Сирия жана Иракта Ирандын “жаман” таасири уланып жаткандыгын билдирген Тиллерсон АКШ Тегеранга каршы Европа өлкөлөрүнүн колдоп-кубатташын күтүп жаткандыгын билдирди.

“Европалык коллегаларыбыздан Ирандын зыяндуу кадамдарына каршы биз менен бир сапта турууларын каалайбыз. Иран режими Батыш принциптерине дал келбейт. АКШ да, Европа да, өз карамагында дагы бир Түндүк Корея пайда болушун каалабайт”, деди Тиллерсон.

Тиллерсон өз сөзүндө, Америка Россиядан болчу коркунучтарга каршы Европанын коопсуздугун камсыздоого сөз берди. Ал Россиянын Украинадагы саясатын критикалап, “Биз да Европалык досторубузда, акыркы убактарда Россиядан ар кандай кооп коркунучтарды сезип турабыз. Ошондуктан АКШ Европада коргоо жана этияттыкты күчөттү”, деп кошумчалады.

Башка тараптан Тиллерсон, бардык келишпөөчүлүктөргө карабастан, Сириядагы айрым тармактарда Россия менен кызматташтык кылышы мүмкүндүгүн, айрыкча терроризмге (Исламга) каршы күрөштө жалпы кызыкчылыктар бар экендигин айтып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here