Кыргызстан жана Казакстан президенттери жолугушту

261
0

Кыргызстан жана Казакстан президенттери жолугушту

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан презденти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Саясатчылар Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ)нун Минскте болуп өткөн саммитте жолугушкан.

Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсүндө, эки президент бир бүтүмгө келди.

24.kg таркаткан кабарга ылайык, президенттер эки тараптуу келишимдердин келечегин, өзгөчө чекарага байланышкан маселелерди талкуулашкан. Нурсултан Назарбаев бардыгына чекарадагы абал белгилүү экендигин айткан.

«Эки өлкөнүн өкмөтү жол картасын жаңы жылга чейин кайра карап чыгышат. Ошондо бир топ маселелер чечилет. Анткени, ал чечиле турган эле маселелер. Жол картасына кол коюлгандан кийин чек ара ачылат», —деди президент. Бирок, чек ара ага чейин эле ачыла турган болду.

Ал Казакстан да, Кыргызстан да чекарада көзөмөл орнотушун айтып өткөн. Ошондуктан  Кыргызстан жана Казакстан тарапта тең текшерүү жүрүп турат. Андан тышкары, ЕАЭБтин үч өкүлү кыргыз-казак чек арасында күзөттө турушат.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий сапары менен келүүгө чакырды.

 “Биз бар маселелер боюнча сүйлөштүк жана бир токтомго келдик. Эки мамлекет өкмөтү декабрь айы аралыгында өз ара алакаларындагы маселелер боюнча жол картасын иштеп чыгышы зарыл. Ошондо көптөгөн маселелер чечилет. Чекаралар бул жол картасына кол коюлушунан алдын ачылат. Эки тараптуу кызматташтык боюнча бардык милдеттер жана маселелер келишилген мөөнөттө чечилет”, – деп сүйлөдү өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков.

Туркистон:

2013-жылы Каримов режими, Кыргызстандын түштүгүнө Өзбекстандан агып келүүчү табигый газ беришин токтотуп койгон. Акыбетте, 2014-жылы Россия Кыргызстандын газ тармагын бүтүндөй өзүнүн “Газпром” компаниясына 1 долларга сатып алып берген. Эми Казакстан  Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай менен болгон чекара көзөмөлүн Евразия союзу аркылуу Орустарга алып бермекчиби?! 

Экс-президент Атамбаев, өзү үчүн жаңы жетекчи топ түзүп алыш, ага ар дайым таасир өткөрүп тура ала турган абал жаратып алуу жана кандай болбосун салтанатты колунда кармап калуу максатында Кыргызстан мамлекетинин эң чоң кызыкчылыктарын Россия жана башка мамлекеттерге берип жиберди. Эми тышкы күчтөр Жээнбеков аркылуу дагы да Кыргызстан кызыкчылыктарына көз тиге башташты. Анткени Жээнбековдун азырынча өзүнүн командасы жок. Ал да Атамбаев убактылуу өкмөткө таянганындай, азырынча Атамбаевдин жетекчи тобуна таянып турууга мажбур. Бирок бул абал жаңы жылдан баштап өзгөрө баштайт. Жаңы конституция ишке тушүүсү менен, премьер-министр жана  президент эки башкаруу аппаратына айланат. Демек тышкы күчтөр Жээнбековдун алсыздыгы жана өзүнүң жетекчи топко муктаж экендигинен пайдаланып, аны колдоп жибериши аркылуу бийликтеги таасирин күчөтүүгө убада берип мамлекет кызыкчылыктарына кол салууга аракет кылышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here