Жээнбеков: Биздин багытыбыз Россияга каратылган

184
0

Жээнбеков: Биздин багытыбыз Россияга каратылган

Россия президенти Владимир Путин 29-ноябрь кунү Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков  менен жолугушту. Бул туурасында кыргызстан президентинин маалымат кызматы кабар таркатты.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан президентинин биринчи иш сапары Россияга болгонунан курсант экендигин айткан Путин, Москва жана Бишкек ортосундагы мамилелердин өнүгүүсү жана эки тараптуу соода-сатык көлөмү артып бара жатканын жогору баалады жана Кыргызстан өкмөтүнүн Евразия экономикалык союзуна кошулушу Бишкек жана Москва ортосундагы алакаларды бекемдешке кошкон салымдарын мактоого алды.

“Сизди Москвада кабыл алып жатканымдан кубанычтамын. Дагы бир жолу сизди куттуктайм. Сиз тажрыйбалуу инсансыз, өкмөттү башкаргансыз. Сиздин ишиңиз себептүү Кыргызстан ЕАЭБге кирди”, “Бишкектин ЕАЭБге кошулгандан кийин Кыргызстан жана Евразия мамлекеттери ортосундагы соода келишиминде сезилээрлик өсүш болду. Россия жана Кыргызстан ортосундагы товар алмашуу ушул жылдын биринчи тогуз айында 32 пайызга жогорулагандыгы байкалды”, деди Владимир Путин.

Ал Москва жана Бишкек ортосунда экономикалык алакалардын өнүгүшүнө толук ишенич бар экендигин билдирип, Кыргызстан тарап Россияга экспорт кылган айыл-чарба продуктулары бул мөөнөт аралыгында эки барабардан да ашып кеткендигин кошумчалады. Эки мамлекет ортосундагы коопсуздукту сактоо туурасында болсо, Путин өз ара кызматташтыкка жогору баа берди о.э. өзү жана Кыргызстандык кесиптеши бейшемби күнү Беларусияда Минстке өтө турган ЖККУнун саммитинде катышаарын айтып өттү.

Өз кезегинде, Жээнбеков өзүнүн Россияга кылган иш сапарынын чоң символдук маанилери бар экендигин айтып Бишкек жана Москва ортосундагы тилектештик жана шериктештик алакаларын өнүктүрү үчүн бар күчүн сарптоого убада берди.

“Ушундай да болушу керек. Биринчи иш сапар дал ушул Россияга болушу керек эле. Мен стратегиялык шериктикти бекемдөөө үчүн бар күчүм менен аракет кыламын. Россия жана Кыргызстан 25 жыл аралыгында көп сыноолордон өттү. Кыргызстанда айрыкча 2010-жылда татаал абал жүз берген. Калк жана мамлекет жетекчилери себептүү биз тынчтык жана туруктуулукту кайтарууга жетиштик. Мында Россиянын да кызматы бар. Жетишкен жеңиштерибиздеги Россиянын ролу жана орду көз жаздымда калышы эч качан мүмкүн эмес. Калк сиздин жардамыңыз жана колдоп-кубаттооңузду жогору баалайт. Биздин эң маанилүү кызматташтык багытыбыз Россияга каратылган жана биз бул багытта катуу иштейбиз.”, деди Кыргызстан президенти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here