Амзаев: Россия үчүн Хизб ут-Тахрирдин материалдык күчкө таянбастыгы коркунучтуу

369
0

Амзаев: Россия үчүн Хизб ут-Тахрирдин материалдык күчкө таянбастыгы  коркунучтуу

Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Россия тарабынан басып алынган Крымда мусулмандарга карата зулумдарын улантууда. Буга Крым татарларынын зулумга материалдык каршылык көрсөтпөгөнү себеп болууда. Бул тууралуу Хизб ут-Тахрир – Украина басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Фазил Амзаев билдирди. Фазил Амзаевдин айтымында, эгерде Крым татарлары куралдуу каршылык көрсөтө баштаганда, бул иш Россиянын пайдасына чечилмек.

 Амзаев Крым татарлары да Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрү сыяктуу эле зомбулуксуз ыкмалардан пайдаланып жаткандыгын баса белгилеп, ФСБ Россияда да, Крымда да мусулмандарга карата репрессияны күчөткөндүгүн айтып өттү.

“Биздин ыкмабыз материалдык күч колдонбостук ыкмасына таянат. Ислам дүйнөсүндөгү саясий аракеттерибиз да, Ислам дүйнөсүнөн тышкарыдагы иш-аракеттерибиз да материалдык күч колдонбостук негизине таянат. Крым тууралуу айта турган болсок,  Крым татарлары колго курал алып, күч колдонгон абалда нааразылык аракеттерин баштаса, анда бул аракет Россия үчүн ыңгайлуу учурда пайда кылмак. Бул болсо, Россияга Чеченстандагы сыяктуу саясатын ишке ашыруусуна жана 200 жылдан бери чече албаган Крым татар маселесин чечүүсүнө шарт түзүп бермек. Хизб ут-Тахрирдин Россия үчүн кооптуулугу да аракеттерибиз материалдык күч колдонууга таянбастыгыбыздан келип чыгууда. Россия Федерациясынын басымын кабыл албастыгыбызды айтабыз жана колубузга курал албайбыз. Ошол себептен улам, Россиядагы жана Крымдагы кылмыш иштеринин Ислам тууралуу айтылган пикирлер үчүн козголуп жатат”, – деди “QHA” маалымат агенттигине интервью берген Амзаев.

Белгилүү болгондой, Россия тарабынан басып алынган Крымда ФСБнын оппозиционер крым татарларына жана мусулмандарга каршы басымы күндөн-күнгө күчөп барууда. Күч түзүмүнүн кызматкерлери терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда үйлөргө бастырып кирип, рейддерди өткөрүүдө. О.э. мыйзамсыз тинтүүлөрдү жүргүзүп адамдарды камакка алууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here