Путин Батышты кош стандарттуулукта айыптады

209
0

Путин Батышты кош стандарттуулукта айыптады

  Россия президенти Владимир Путин Батышты дагы бир жолу кош стандарттуулукта айыптады. Сочидеги “Валдай” клубунда сөз сүйлөгөн Путин Европанын колдоосу менен бир нече өлкөлөр ыдырап, Косовонун бөлүнүшү жикчилдиктин көбөйүшүнө жол ачкандыгын айтты. Президенттин пикиринде, бул нерсе Каталониядагы абалга дагы алып келди.

 Путиндин айтымында, Европа Союзу жана башка бир катар мамлекеттер бир ооздон Каталониянын көз карандысыздыгын сындашты, бирок, алар буга чейин Косовонун бөлүнүшүн жакташкан эле. “Мындай кош стандарттулук Европанын туруктуу өнүгүшү үчүн өтө кооптуу”, – деди РФ президенти.  Ал Каталониядагы жагдай Испаниянын ички иши деп эсептейт.

 Путиндин билдиришинче, БУУ эл аралык системанын борбору катары калышы керек. Ошону менен бирге, ал уюм акырындык менен реформаланышы керек.

Өткөн аптада Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирүү берип, президент “Валдай клубунда кызыктуу жана маанилүү сөз сүйлөөгө” даярдык көрүп жатканын кабарлаган болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here