Азербайжан: Өткөн референдумдун алгачкы натыйжаларын маалымдады

355
0

Азербайжан: Өткөн референдумдун алгачкы натыйжаларын маалымдады

 26-сентябрь күнү Азербайжанда мамлекет конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Мазахир Панахов шейшемби күнкү пресс-конференциясында азырга чеинки бюлеттендердин 72,7 пайызы текшерип чыгылганы жана шайлоочулардын 88,5 пайызы президенттик мөөнөттүн 7 жылга узартылышын жактап, 4,7 пайыз шайлоочу буга каршы добуш бергенин маалымдады.

 Мазахир Панаховдун айтышынча, шайлоочулардын 84,5 пайызы мамлекетти башкарууда вице-президенттер институнун киргизилишине ыраазылык билдирген болсо, 6,8 пайыз буга каршы добуш берген.

 О.э шайлоочулардын 84,2 пайызы президенттике талапкерлик көрсөтүүдө жаштын чектелишин алып таштоону макулдашкан.

 Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, добуш берүүдө шайлоочулардын 69,7 пайызы, т.а 3,6 млн жаран катышкан.

 Референдумдун жыйынтыктары расмий түрдө 21-октябрда жарыя кылынат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here