Абдулжаббар Агайди: АКШ убадасына турбады
Халаб аскерий кеңешинин мурдагы төрагасы Абдулжаббар Агайди Сирия азат армиясы АКШ менен союздаш болгон абалда ИШИМге каршы күрөшкөн учурда өтө көп зыян тарткандыгын айтып чыкты. Агайдинин билдиришинче, Сирия азат армиясы пландаштырган аскерий операциялар жөнүндөгү маалыматтар жашыруун түрдө ИШИМге жеткирилип турган.
Полковник Агайди аскерий операциялар туурасындагы көптөгөн маалыматтарды АКШ 2 жыл бою ИШИМге жашыруун түрдө жеткирип тургандыгын баса белгиледи. Полковник бул сөзүн тастыктоочу фактылар бар экендигин да кошумча кылды.
Абдулжаббар Агайди Сирияда оппозициялык күчтөр ишке ашырган бир нече аскерий операциялар АКШ убадасына турбаганы себептүү ийгиликсиз болгонун жана ар дайым оппозициялык аскерлер зыян тарткандыгын билдирди.
Сирия азат армиясы АКШ менен келишкен абалда аракет кылган акыркы 7 айда 11 айылды ИШИМге алдырып койгондугун айткан Агайди мунун натыйжасында 1300 аскер өлгөндүгүн билдирди. Агайдинин айтымында, буга АКШнын убадага турбастыгы себеп болууда.
“АКШ берген убадаларына турбаганы себептүү эки жылдын ичинде 1300 оппозициялык аскер өлдү”, — деди Халаб аскерий кеңешинин мурдагы жетекчиси.
Сирия маселесинде Америка менен Россия ортосундагы ар кандай келишим Сирия оппозициясынын зыянына болушун айтып өткөн полковник Абдулжаббардын билдиришинче, мындай абалда оппозиция таптакыр жок болуу коркунучуна дуушар болушу мүмкүн.