Атамбаев баннерди жалпы республикага жайылтууга тапшырма берди
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ШКУнун Ташкенттеги саммитинде Өзбекстан президенти менен жабык эшиктер артында бир сааттан көбүрөөк убакыт сүйлөшкөндөн кийин, Ислам жана мусулмандарга каршы кескин кадамдарды таштай баштады. Өкмөт алгач мусулмандарды Рамазан айтын бир күн мурда белгилөөгө мажбурлаган болсо, кийинчерээк Кыргызстан мусулмандары арасында кадыр-баркка ээ болгон Чубак ажы Жалиловдун радио жана телевидениеге чыгышына тыюу салынды.
Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө өтө чоӊ тажрыйбага ээ болгон Германия канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапарынын алдында болсо, Бишкекте коомчулукта өтө чоӊ талаш-тартыштарга болгон баннерлер пайда болду. Бул баннерлер кожоюну тараптан берилген тапшырмага ылайык келгени себептүү Атамбаев Ангела Меркел менен жолугушкандан кийин канцлер менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында, президенттик аппараттын жетекчисине улуттук кийимчен жана паранжа кийген кыздардын сүрөттөрү тартылган баннерди жалпы республикага жайылтуу үчүн каражат бөлүү тапшырмасын бергенин билдирди.
Атамбаев: “Мындай баннерлер керек. Бардыгы кийимден, тилден башталат. Андан кийин баш кесмей башталат. Мындай аракеттердин ислам менен эч кандай тиешеси жок. Ислам тынчтыктын жана жакшылыктын дини. Биздин мамлекет көз карандысыздыкты алгандан бери динди караган эмес. Көп нерсени өткөрүп жибердик. Мына үч жыл мурун гана дин тармагы боюнча конкреттүү концепцияны кабыл алып, иш алып бара баштадык”, – деди.