Ниццада курман болгондордун саны 84кө жетти

477
0

Ниццада курман болгондордун саны 84кө жетти

14-июль күнү кечинде Франциянын Ницца шаарында “Бастилиянын алынган күнү” белгиленип жаткан жерге жүк машинасы кирип келип, ишке ашырган терактын курмандыктары көбөйүүдө. Франция ИИМинин маалыматына ылайык, өлгөндөрдүн саны 84кө жетти.

Кабарларда келишинче, ооруканага жеткирилгендерден 18 адамдын абалы оор бойдон калууда. О.э. 50 адам “салыштырмалуу жеӊил жарааттар” менен ооруканада жатат. Дагы 120 адам психологдорго жана куткаруу кызматындагыларга кайрылган.

Күбөлөрдүн бидиришинче, жүк машинасы токтобостон 2 километр аралыкка чейин адамдарды тебелеп барган. Чабуул кылган адам элди карай ок да чыгарган. Ал акыры полиция күчтөрү тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Жергиликтүү Nice Matin басылмасынын жазышынча, машинаны айдаган адам түпкү келип чыгышы тунистик болгон 31 жаштагы Ниццанын тургуну болгон.

 Франциянын премьер-министри Манюэл Вальс коргоо кеӊешинин жыйынында билдиргендей, бул окуяга байланыштуу президенттин токтому менен 16-17-18-июль күндөрү аза күтүү күндөрү деп жарыяланып, бүгүнтөн баштап байрактар түшүрүлөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here