ААЛЫМДАРДЫ ТЕКШЕРҮҮ МҮМКҮНБҮ

398
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

 ААЛЫМДАРДЫ ТЕКШЕРҮҮ МҮМКҮНБҮ

Аалымдар кербенинин жетекчилери пайгамбар (а.с.)дар болуп, алар маъсум (күнөөдөн, катадан таза) болушкан. Пайгамбарыбыз (с.а.в) жөнүндө Аллах Таала мындай дейт:

وَمَا يَنْطِقُ عَنِ الْهَوَى  إِنْ هُوَ إِلاَّ وَحْيٌ يُوحَى 

Ал (Мухаммад) өз ой-каалоосун сүйлөбөйт, анын сөздөрү вахийден башка нерсе эмес. [53:3-4]

Демек, пайгамбарыбыз (с.а.в)ды текшерүү куфр т.а. аятка ишенбестик болуп эсептелет. Тескерисинче, Пайгамбарыбыз (с.а.в) келтирген хадис жана Куран ар бир нерсени текшере турган негиз болот. Ошондуктан, ар кандай ишти аалымдарыбыздан эмес, алар келтирген далил менен, ал тургай аалымдардын өздөрүн да, сөздөрүн да ушул негизде текшерүү туура болот. Себеби, Аллах Таала ушуга буйруган:

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ

  • Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла!“ [4:59]

Мисалы: Мурда бизде орозо мамлекет белгилеген күндөн башталып, ал белгилеген күндө аяктайт эле. Бирок, устаз Чубак ажы бул катаны оӊдоду т.а. рамазан айды көрүү менен баштала тургандыгын, аякташы да, орозо айт майрамы да айды көрүү менен болушу керектигин баян кылды жана расмий имамдарга буйрук берип, төмөнкү хадисти келтирди. Муну менен ар жылы орозонун башталышын, айт майрамын атайылап ар түрдүү белгилөөгө чек коюлду, бул далилге баары моюн сунду. Такыбаа момундар менен бийликтин ортосундагы келишпестиктер жөнгө салынды, ибадаттарыбыз Аллах Тааланын өкүмүнө ылайык болуп, орозо маселесинде биз чыныгы момундардан болдук: Абу Хурайра (р.а) риваят кылат, Набий(с.а.в):

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةََ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозо туткула, айды көрүп орозону токтоткула. Эгер асман булуттуу болуп силерге ай көрүнбөсө, Шаъбан айын 30 күн кылып эсептегиле». Имам Бухарий риваяты.

Ушул күнгө чейин ар бир момун өзү ишенген аалымды ээрчип, ич ара бөлүнүүлөр, бири-бирин жек көрүүлөр болуп өттү. Акыйкатты көтөрүп чыккандардын сөзүнө көӊүл бурулбады. Анын алдын алуу ошол темадагы далилди келтирүү менен аны колдоп-кубаттоо менен болду. Кудум ушул сыяктуу эле, Исламга же андагы бир өкүмгө каршы чыккандарга, же ага амал кылбай жаткандарга т.а. мункарларга карата болуп жаткан азыркы талаш-тартышка да бир гана далилге негизделүү менен чекит коюлат. Ар бири өзүнчө акыйкат, бирок, чындыгында ким акыйкат экендигин Расулуллах (с.а.в) айтып койгон, ушул негизде текшерүүнү жогорудагы [4:59] аят талап кылууда. Кыскасы, шариятка тескери иштерге ыраазы болуп, ушундай абалда жүрө беришибиз Аллах Тааланын наалатына жана каарына дуушар кылат, мындан Аллах сактасын. Ал эми устаз Чубак ажы момун-мусулмандарды Аллах Тааланын наалатынан сактап калуучу тарапка жүрдү. Ошондо бекем туруу коомдун оӊдолушуна алып барат. Анткени, Расулуллах (с.а.в)  Абу Масъуд (р.а)дан риваят кылынган хадисте айтат: “Бани Исраилге эӊ алгач кирген кемчилик ушул эле, бир киши башка кишиге жолуккан учурда: «Эй баланчы, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиӊди таштагын, себеби, бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес», – деп айтат эле. Андан соӊ, эртеси күнү аны менен жолугушкан учурда аны дагы кайрадан ошол абалында көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбас эле. Алар ушундай кылган соӊ, Аллах алардын кээ кээ бирлеринин дилин кээ бирлери менен урду”. Андан соӊ Расулуллах (с.а.в)  төмөнкү аятты окуду:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ  كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ  تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ  وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ 

“Бани Израил арасында капыр болгон кимселер Давуд жана Ийса бинни Мариям тилинде наалаттангандай наалаттанган (каргышка калышкан). Буга себеп, алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылган иштери кандай гана жаман иш! Алардан көптөрү кафир болгон кишилерди дос туткандыгын көрөсүн. Аларга напис-каалоолору кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгерде Аллахка, пайғамбарга жана ага түшүрүлгөн китепке ыйман келтиришкенде, аларды (кафирлерди) дос тутпаган болушаар эле. Бирок алардын көптөрү фасык-итаатсыз кишилер”.                                                                [5:78-81]

Андан соӊ: «Эч качан! Аллага касамки, же силер залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийип, акыйкатка моюн сундурасыңар, же Алла дилиңерди бири-бирине жоолоштуруп, Бану Израилди наалаттагандай, силерди да наалаттайт», – деди.

 Орозо темасындагы хадиске амал кылышыбыз менен ибадатыбыз оӊолду, Аллах кабыл кыла турган амалга ылайык болду. Эми бул хадиске амал кылсак, муну менен жашообуз оӊолот. Т.а. коомдогу мункарлардын негизги себепкери болгон куфрдун өкүмдарлыгына тосук коёбуз. Куфрдун “демократия” деген канализациясынан келип жашообузду уулап жаткан улуттар аралык жаӊжалдар; эже-карындаштарыбыз, кыз-келиндерибиздин уятсыздарча жүрүм-туруму жана кордолушу; бузукчулуктар; никесиз төрөлүп жаткан балдар; бейкүнөө өлтүрүлүп  жаткан наристелер; алдоо жолу менен таланып-тонолуп жаткан байлыктар; жаштарыбызды куфрга көз каранды кылып тарбиялоолор, – булардын бардыгына тосук коюлат. Себеби, куфрдун жүзү ачылып калгандыктан о.э. түздөн-түз өздөрү келип башкарышы мүмкүн болбогондуктан, коомду мункарларга толтуруп таштоодо жана биздин олжо катары талашууда малайларына таянуу менен ыпылас максаттарына жетишүүдө. Биз хадиске ылайык ар кандай мункарга, эң зарылы “Исламга каршылык” мункарына каршы болсок гана бизден Аллах Таала ыраазы болот. Антпесек, бизди яхудийлерди наалаттагандай наалаттайт, мындан Аллах сактасын!

Аллах Таала жашообуздун оӊолушун өзүбүздүн аракетибизге байланыштуу кылып койду. Качан бузукчулук, кыянат, алдоо, шерменделик сыяктуу иллеттерге каршы болуп, акыйкат тарапта турсак, акыйкат үстөм болушу үчүн колубуздан келген аракеттерди кылсак, Аллах Таала бизди колдоп-кубаттоого, жардам берүүгө жана жашообузду оӊдоого убада берүүдө:

– “Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла аны өзгөртпөйт”. [13:11]

Аллах Таала айтат:

إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الأَشْهَادُ

Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган Күндө да жардам беребиз”.       [40:51]

Дагы:

وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ

Ыйман келтирген заттарды үстөм кылуу Биздин мойнубуздагы чындык болгон”.    [30:47]

Дагы:

إِنَّ اللَّهَ يُدَافِعُ عَنِ الَّذِينَ آمَنُوا

– „Албетте, Аллах ыйман келтирген заттарды коргойт”,  [22:38]

Албетте, Аллах Субханаху Өзүнө жардам кылган кишилерге Өзү да жардам беришин анык убада берди. Аллах Таала мындай деди:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ

وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لاَ يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا

Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар.         [24:55]

Дагы:

وَلاَ تَهِنُوا وَلاَ تَحْزَنُوا وَأَنْتُمُ الأَعْلَوْنَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

– „(Куфрга каршы күрөштө) суз болбогула жана кападар болбогула. Эгерде чыныгы ыйман ээлери болсоӊор, жалгыз силер үстөмдүк кылуучусуӊар”.     [3:139]

Дагы:

إِذْ يَقُولُ الْمُنَافِقُونَ وَالَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ غَرَّ هَؤُلَاءِ دِينُهُمْ وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَإِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

“Ошондо мунафыктар жана дилдеринде мараз-оору болгон кишилер: «Аларды (мусулмандарды) диндери алдап жиберди (т.а. аз гана адам менен ушундай чоӊ кошуунга каршы согушмакчы болуп жатышат»), – дешти. (Мунафыктардын бул сөздөрү туура эмес) ким Аллахка таянса, анда, албетте Аллах үстөмдүк жана даанышмандык ээси”  (8:49).

Тыянак:

  1. Аалымдар куфрдун максатын ишке ашыруу үчүн эмес, Үммөткө акыйкатты баян кылуу үчүн аракет кылышы керек.
  2. Аалымдар маъсум эмес, алар Куран жана хадистер негизинде текшерилет. Ким акыйкат болсо, ошону колдоп-кубаттоо калган момундарга фарз.
  3. Ошондо Аллах Таала жардам берет жана эки дүйнө бактысына жетишебиз.
  4. Акыйкаттан тосууга аракет кылуу кафир жана мунафыктардын иши.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here